Menu

“Түкүрүк өкмөттүн” басмайылы бошоду, оомат кимге оойт?..

Бөлүшүү:

Жаңырган жыл чү дегенде эле митинг-пикет жаңжалдар менен коштолду. Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы митинг өттү. Өлкөнүн укук коргоо органдарын жана сот тармагын реформалоо иштеринин алкагында 5 кодекс кабыл алынып, натыйжада коомчулукта Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс жана Жазык-аткаруу кодексине байланыштуу сын-пикирлер арбын айтылды. Өзгөчө айып пулдарга карата нааразычылык бүгүнкү күнгө чейин айтылып жатат.

Учурда элдин бийликке карата ишеними солгундап турат. Бир жылдык аванс түгөндү. Өлкө жетекчилери тез арада кардиналдуу реформаларга барып, экономиканы көтөрүүгө батыл киришпесе, абал оорлошо берет. Мына бир жылдан ашуун мезгилден бери бир дагы өлкө менен эки тараптуу ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишим түзүлгөн жок. Инвестиция тартуу жаатында эч бир иш жүрбөй, сенектик орун алды. Экономика катып калды. Бул жагдайды Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов: “Өкмөткө ишеним төмөн, премьердин реформа кылайын деген аракети деле байкалбайт. Түкүрүк менен алек болгондой сезим калтырат. Финансы чалгындоо кызматынын дагы демилгелери инвесторлорду чочутту. Ички инвесторлор дагы капиталын сыртка чыгарып жатат. Экономиканы түшүнгөн, реформатор, чечкиндүү премьер-министр келүүсү керек», – деп кескин сынга алды. Ырасында, 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга кыскарган. Мына ушундай шартта, башкача айтканда мамлекеттин экономикасы чеке жылытпай турган мезгилде жол эрежесине байланыштуу айып пулдарды 1000 сомдон 55 миң сомго көтөрүү, түкүрүктүн баасын 5500 (элдин сынынан кийин 1000 сомго түшүрдү) сомго чыгаруу, коомчулукта бийлик экономиканы көтөрө албай, айып пул аркылуу жыртык бюджетти толтурууну көздөп, элдин жонунан кайыш тилүүгө өттү деген көз карашка жем таштады.

Мындан улам, жаңы кодекстерге байланыштуу бир гана карапайым калк эмес, юристтердин дагы башы маң болуп, мамлекеттик түзүлүштү туюкка кептеген кырдаал жаралганын коңгуроо кылып кагышууда. Бул жаңы кабыл алынган кодекстер укук коргоо органдарын жана сот тармагын реформалоонун базасы болбой эле, тескерисинче аталган тармакты шал кылып, өлкөдө башаламандыктын өкүм сүрүшүнө жол ачат дегендер четтен чыгат. Кызыгы Жогорку Кеңеш өздөрү шашылыш кабыл алган кодекстерге байланыштуу Өкмөттү такалады. Өздөрү кабыл алып, колдоп берген мыйзамдарды өздөрү түшүнбөгөн эл өкүлдөрү 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарды талдап, андагы кемчиликтерди жоюу үчүн 1-мартка чейин өкмөткө мөөнөт берип, Жогорку сот, Башкы прокуратура менен бирге жумушчу топ түзүүнү тапшырып четке чыга беришти.

Натыйжада, 1-январдан  күчүнө кирген кодекстерди оңдоо үчүн 200дөй мыйзам долбоору менен өкмөттүн 600дөй токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралды. Ошентип жалпы соттук-укуктук реформаны ишке ашырууну камсыз кылууга сарпталган 13 600 000 евро кумга сиңген суудай майнапсыз коромжу болгону ашкереленди. “Тончонду чапсаң, көйнөкчөнгө доо кетет” дегендей, жаңы жылдын жаңырышы менен жаралган жагымсыз жагдайлар ансыз да сын-пикирден арылбаган өкмөт башчысы Мукан Абулгазиевге урулган сокку болду. Коомдогу ур-токмок президентти да кыйгап өткөн жок. Өлкө башчынын беделине да көлөкө түштү.

Сындоо жагынан алдына киши салбаган Адахан Мадумаровдун көктөн издегени жерден табылып: “Кыргыз эли түшүнө турган мезгил келди. Кечээ кабыл алынган кодекстерине 13 миллион евро алышыптыр. Жазган мыйзамдарынын кебетесин көрүп эл эмес, өздөрү түшүнбөй отурушат. Эми ким жооп берет? Өкмөт башчыдан баштап, акыркы мүчөсүнө чейин сабатсыз болуп жатат. Мыйзам кандай жазылаарын билбеген өкмөт, мыйзамга кандай кол коюш керектигин билбеген президент отурат. Кол койгондон кийин өкмөт да, президент да, Жогорку Кеңеш дагы жоопкерчилик алышы керек”, – деп баарын кошоктоп сокту. Калп айткан менен болобу, кантсе да туурасын айтты.

Эми бийлик кырдаалдан чыгуу үчүн берилген мүмкүнчүлүктү пайдалана албады деп Абылгазиевди «садага» чапканы турат. Учурда ордуна кимди алып келебиз деген суроого жооп изделүүдө. Азырынча мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев менен Ош облусунун жетекчиси Узар Жылкыбаевдин аттары айтылууда. Бирок бул экөөнө тең элдин колдоосу анчейин эмес.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: