Menu

“Түкүрүк” авторлору эл кызыкчылыгын канчага саткан? Өкмөт эмнеге унчукпайт?

Бөлүшүү:

2019-жыл жаңыраары менен Кыргызстандын калкынын жашоосуна жаңы эреже башталды. 1-январдан баштап 5 кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жоруктар тууралуу жана Бузуу тууралуу кодекстер ишке кирээри менен кемчиликтери мол экени байкалып, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Ал арада бул кодекстердин үстүндө иштеген топко ири өлчөмдөгү каражат жумшалганы ачыкталып, элдин бүйүрүн ансайын кызытты. Жарым жан, чала сабат кодекстерди олчойгон сумма коротуп даярдоо акылга келбес жоруктай болду.

Укмуштуудай кодекстердин тарыхы эки жыл мурун башталган

Кодекстер Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын март айында үч окууда кабыл алынган. Кодекс долбоорунун демилгечиси – депутат Галина Скрипкина болгон.

Демилгечи мыйзам долбоору парламентке сунушталып жатканда мындайча түшүндүргөн:

“Азыркы учурда иштеп жаткан Кылмыш-жаза кодекси менен Административдик кодекстер СССР доорунда эле иштелип чыгып, анда өтө көп ченемдик жоболор камтылгандыктан, аларды ылайыгына жараша 3 топко бөлүү зарылдыгы келип чыккан. Алардын бири – дал ушу Бузуулар жөнүндө кодекс. Мында эл аралык тажрыйба менен күндөлүк сот ишинде топтолгон тажырыйба да эске алынды”.

Жумушчу топ болсо, жаңы кодекс укук бузуу жаатындагы иштерди ыкчам жана так карап чыгууга мүмкүнчүлүк берээрин белгилеген. Айтымдарында, долбоор болгону 39 гана беренеден туруп, анда жеке жана юридикалык жактарга байланыштуу укук бузуу жоболору камтылган. Кодексте эскертүү, айыппул сындуу жаза чаралары каралган. Кошумча укуктук чаралар – үстөкпул менен мүлкүнөн ажыратуу.

Парламенттин талкуусуна коюлган мыйзам долбоорунун сабатсыздыгына анда бир да эл өкүлүнүн тиши өткөн эмес. Депутаттар ичиндеги мазмунуна, иштеп баштаса кандай алашемдиктерди жаратаарына эмес, орус тилинен кыргыз тилине кодекстердин туура, же туура эмес которулганына гана көңүл бурушкан. Ошону менен үч окууда тең мыйзамдын орус жана кыргыз тилиндеги аталыштары канткенде туура болоорун кызыл чеке талашышкан эл өкүлдөрү эмнеге добуш бергенин деле билишпей калышкан. Анысы ушул жылы, кодекстер ишке киргенде белгилүү болбодубу. Жаңы эреже менен жашап баштаганыбызда, эл турмак, эл өкүлдөрү да ооздорун ачып таң калышып, бул мыйзам кайдан, кантип чыга калганына түшүнбөй таңдангандары да болду. Эки жыл мурун өздөрүнүн колдорунан өткөнүн да унутуп калышып, кодексти жазган тарапты жабыла сынга алгандар да табылды.

А болбосо эреже бузуулардын башка планетадан келгендер жазгансыган эсти оодарган варианты 2017-жылдын март айындагы парламенттин пленардык жыйынында 111 депутаттын катышуусунда добуш берүүгө коюлган. Арасынан 14 депутат гана бул долбоор кабыл алынса, карапайым элге кандай кыйынчылык жаралаарын чечмелешкенби, каршы добуш беришсе, калган 97си жапа тырмак колдоп салышкан.

Каршы болгондор: Абжалиев А.Т., Алтынбеков А„ Казакбаев Р.А., Райымкулов Б.К., Салянова А.Ж., Жунус уулу Адыл, Зулушев К.Т., Никитенко Н. В, Нишанов Н.Н., Ормонов У.З., Маматов А„ Сыдыков Б.У., Токтошев Э. Т, Туманбаева Р.М.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Эреже бузуулардын кодексин иштеп чыккан топ ал күчүнө кире электе эле алды “Эмгек сиңирген юрист” наамын алышса, арты мамлекеттик ар кандай сыйлыктарга көрсөтүлүшкөн. Же ыйлаарыңды, же күлөөрүңдү билбеген жагдай – айрым эл өкүлдөрү бул кодекстерге эки жыл мурун колдоп добуш бергени аз келгенсип, эми айыбын сезип, унчукпай отуруп калуунун ордуна аны жазган топту шатыратып жамандап башташты. Мисалы, депутат Айтмамат Назаров жаңы кодекс иштебей жатып эле, кемчиликтери толтура экени билинип калганын кайра-кайра кайталады.

“Кодекстин канчалык кемчилиги бар экенин көрүп жатабыз. Мурдагы административдик кодекстеги бир топ укук бузуулар, тартип бузуулар жаңы кодекске кирбей, көбү бириктирилип калган. Айып пулдун өлчөмү негизсиз көтөрүлүп кеткен”,- деген депутат маалымат каражаттарына комментарий бергенден чарчабады. “Убагында эмнеге унчукпады, уктап калган мээ эми ойгондубу?”- дегиң келет аргасыз. Минтип алдынан колдоп, артынан жамандаган эл өкүлдөрү көп. Кыязы, зериккенден эле кнопканы басып коюшкан окшойт.

Айрым аткаминерлер жоктон табылгансыган кодексти калкалап, жакшы жактарын саймедиреп айтышууда. Алар сапаттуу кодексти бир гана нерсе – “376-берене, түкүрүүгө салынган айып гана бузуп салды”- деп эсептешет. Түкүрүктү алып салса эле кодекс жаркырап жатып калчудай. Андан башка чектөөлөр, айып пулдар жашоо деңгээлинен алда канча көп экени аткаминерлерди ойлондурган жок. “Башы оорубаган адамдын Кудай менен иши эмне?”- дегендей эле.

Эми укмуштуудай мыйзамды иштеп чыгып, ал үчүн оңой эмес каражатты алышкан, ал аз келгенсип, мамлекеттик сыйлыктарды маарышкан топ тууралуу кеп кылалы. Алар: Сыдыкова Лейла, Гафуров Анвар, Дербишалиева Гүлмира, Жоробекова Арзыгүл, Летова Ирина, Мамышев Мыктыбек, Сыдыков Аскат, Сманалиева Алтынай, Сулайманова Назгүл. Булардан тышкары авторлордун арасында депутаттар да бардыгы белгилүү.

13 миллиондон ашуун евро кайда коротулган?

Коомчулук жабыла сынга алып, жемелеп-жектеп жатышкан “түкүрүк” кодекси жөнөкөй эмес. Ага 13 657 895 евро коротулган. Ал суммалар кайдан келип, кайдан кеткенин колубузга түшкөн документти толук берүү менен тааныштырабыз.

Мыйзам сот-укуктук реформаларды жүргүзүү алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актылар Кыргыз Респбликасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 “Кыргыз Республикасындагы сот адилеттүүлүгүн өркүндөтүү боюна чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан.

Аталган чечимдин негизинде Президенттик аппараттын жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы, 2014-жылдын 4-февралдагы, 2014-жылдын, 23-сентябрындагы буйруктары аркылуу Жазык кодексинин жана Жоруктар жөнүндө кодекстин, Жазык-процессуалдык кодексинин, Бузуулар жөнүндө кодекстин, Жарандык-процессуалдык кодекстин, “Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Мамлекет тараптан кепилденген юридикалык көмөк жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын сотторунун жоопкерчилигин жогорулатуу жаатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун курамына илимий, эксперттик чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын ж.б. өкүлдөрү кирген. Мындан кийин жумушчу топтор аркылуу иштелип чыккан мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тараптан демилгеленген.

Бюджеттен тышкаркы каражаттарды чыгымдоого тийиштүү колдогу маалыматтага таянуу менен билдирсек, жогорудагы ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторду финансылык колдоо БУУ Өнүктүрүү программасынын, Эл аралык укуктук өнүктүрүү боюнча уюмдун (ГОБО), Сорос Фондунун, БУУ Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) жергиликтүү кеңселери тарабынан ишке ашырылган. Көрсөтүлгөн уюмдардын ар биринин конкреттүү салымы белгисиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрдагы буйругу аркылуу Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосунда “Отчеттуулукка жана айкындуулукка басым жасоо менен Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышын алга жылдыруу” (1-фаза) долбоору боюнча финансылык келишим жактырылган. Аталган келишим “грант” болуп саналып, ратификациялоо процедурасы талап кылынбайт. Келишимди ишке ашыруу 2015-жылдын башында башталып, 2018-жылдын апрель айында жыйынтыкталган.

Финансылык келишим 3 компоненттен турган:

1) . Көзөмөлдөө механизмдеринин потенциалын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

2) . Сот реформасы;

3) . Жарандык коом жана ЖМК.

Көрсөтүлгөн келишимдин 2-беренесине ылайык, “долбоордун” жалпы наркы 13 657 895 еврого бааланган, анын ичинде:

– 9,5 млн. евро – мыйзам үстөмдүгү жаатындагы иш-чараларды каржылоо;

– 3 млн. евро – ЖМК өнүктүрүү үчүн иш-чараларды каржылоо;

– 500 миң евро – Европа биримдиги тарабынан ишке ашырылган долбор алкагында антикоррупциялык иш-чараларды каржылоого каралган.

“Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү”

(консорциум), ал келишимди ишке ашырган жана долбоордун бенефициарла-ры менен өз ара аракеттешүүсүн камсыздаган.

Долбоордун бенефициарлары төмөнкүлөр:

1). Юстиция министрлиги;

2) . Жогорку Кеңештин комитеттери (Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети жана Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети);

3) . Сот тутуму, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасы;

4) . Сотторду тандоо кеңеши;

5) . Акыйкатчы Аппараты;

6) . Башкы прокуратура;

7) . Эсеп палатасы;

8) . Юристтер Ассоциациясы.

Келишимге ылайык, жогоруда белгиленген бенефициарлар долбоор менен эки компоненттин алкагында аракеттешти, аларды аткарууга 9,5 млн евро салынган. Ага Европа биримдигинин долбоорун камтуу боюнча чыгымдар жана анын кызматкерлеринин эмгек акысы кирет.

Жарандык коомду жана ЖМКларды колдоого болжолдонгон 3 млн еврону сарптоого бенефициарлар катышкан эмес.

Келишимдин жоболоруна ылайык, Байкоочу комитет түзүлгөн, ал бенефициарлар өкүлдөрүнөн жана долбоордун консорциумдарынан турган.

Байкоочу комитет Финансылык келишимди ишке ашырууга байланыштуу чечимдерди кабыл алган, анын ичинде ар бир жарым жылга Иш-аракеттердин Жумушчу планын бекиткен, ал бенефициарлардын сунуштарынын эсебинде түзүлгөн.

Финансы каражаттарын сарптоо долбоор тарабынан өз алдынча Иш-аракеттердин Жумушчу пландарынын негизинде жүзөгө ашырылып келген.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда төмөнкү иш-чаралар колдоого алынган:

– жумушчу топтордун жолугушууларын уюштуруу, үч укуктук экспертизаны өткөрүү, регулятивдик таасирди талдоо, үч тегерек үстөл өткөрүү, эл аралык жана жергиликтуү эксперттерди тартуу, Германия Федеративдүү Республикасына, Австрия/Республикасына окуу сапарларды уюштуруу;

– жумушчу топторго консультация берүү, үч укуктук экспертизаны өткөрүү, эки тегерек үстөл өткөрүү, эл аралык эксперттерди тартуу, Словения/Хорватияга окуу сапарларын уюштуруу;

– эл аралык жана улуттук эксперттерди тартуу, жумушчу топторго консультация берүү, эки тегерек үстөл, коомдук угууларды өткөрүү, котормо кызматы, Эстония/ Финляндияга окуу сапарлары.

Финансылык аудит көз карандысыз уюм тарабынан жүргүзүлөт, ал тышкы аудит жүргүзүү тармагында эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Финансылык аудит долбоор аяктагандан 6 айдан кийин пландаштырылган жана анын жыйынтыктары түздөн-түз Европа биримдигинин Өкүлчүлүгүнө берилет жана ачыктоого жатпайт.

Тариэл Субакожоев

Булак: «Майдан»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: