Menu

Бишкекте “Баткен, сен жалгыз эмессиң” аттуу митинг өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында “Баткен жен жалгыз эмессиң” аталышындагы митинг өтүүдө. Ага 100гө чукул жаран катышууда.

Митингге чыкканда колуна “Баткен да Кыргызстан”, “Чек ара үчүн “даканса”, “Тажикстан провокацияны токтот!” деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Митингдин уюштуруучуларынын айтымында, алар өкмөткө 14 талап койду. Анын ичинде Баткен жана Лейлек райондорундагы айылдардына (Ак-Сай, Көк-Таш, Самаркандек, Максат ж.б.) блок-посттор коюлсун жана Балыкчы шаарындагы танк батаольону Баткенге көчүрүлүсүн деген талаптар бар.

Ошондой эле, алар Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасы жаралган маселелер чечилгенге чейин убактылуу жабылсын деген талапты коюшту.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыккан.

Маалымат боюнча, кечээ саат 11:00 чамасында Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясынын боюнан тажик жарандары экскаватор жана «КамАЗ» менен шагыл алып кеткен. Ал эми саат 11:30 чамасында Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул  боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.

Бүгүн таңында Тажикстан тараптан Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүн көздөй ок атылган. Ошондой эле, Ош – Исфана жолунун боюнда жайгашкан Майский айылынын (Тажикстан) жанынан өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытылып баштаган. Чырдан улам 4 кыргызстандык жарадар болгон. Ок жеген жарандын учурда абалы орточо оор.

Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта кайрадан ок атылып, эки адам ооруканага жеткирилгени айтылды. Ок тынымсыз атылып жатканы саат 14:10дө маалымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: