Бишкек жылуулук борбору катуу суукка даяр. Эгер абанын температурасы дагы төмөндөсө үч от казан ишке кирет. Бул тууралуу Электостанциялар ачык акционердик коому кабарлады.
Азыркы тапта ЖЭБ баардык чыңалууну көтөрүүгө даяр турат. Көмүр кампасында 249,5 миң тонна кара алтын бар. Суткасына 4,8 миң тонна көмүр жагылат. Суунун температурасы болсо 75 градусту түзүүдө.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -7 -11 градус болоору күтүлөт.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ