Menu

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин официалдуу билдирүүсү: “Антикытай митинги эки өлкөнүн мамилесин бузуу үчүн жасалды”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында өткөн антикытай митингинде айтылган лозунгдар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Өткөн окуя тууралуу айтып жатып ал кытай саясатын Кыргызстанда туура эмес чечмелешти деген пикирин кошумчалаган.

«Митингдин жүрүшүндө Кытай менен байланышкан долбоорлор, Кыргызстандагы кытай жарандарынын саны, Кытайдан келген кредиттердин айланасында көп талаш-тартыштар болду. Мен КР басылмалары жазып жаткан маалыматтарга дагы көңүл буруп турдум. Мындан тышкары «карыз капкан» тууралуу кеп болду. Митингге чыккандардын лозунгдарын окудум. Ушул окуяларга байланыштуу Кытай-Кыргыз достук мамилесин туура түшүнүшүн каалайм» – деди элчи.

«Биринчи кезекте белгилей кетчү жагдай, митингге чыккандар атаган сандар жана алардын айткан ойлору чындыкка дал келбейт. Маалыматтын негизи жок. Ал эми достуктун тарыхына үңүлсөк, Кыргызстан менен Кытай илгертен бери коңшу мамлекет болуп, дайыма достук мамиледе болушкан. Илгертен биздин ата-бабаларыбыз достошкон. Достук бизди байланыштырып турат. Жибек Жолу доорунда мамилелер дагы да жанданды. Учурда Кыргыз-Кытай достугу жаңы ийгиликтердин, ачылыштардын алдында турат. 27 жыл ичинде эгемендүү Кыргызстан эки тараптуу мамилелер көптөгөн жакшы маанайдагы ийгиликтерди жаратты. Достук мамилелер эки жак үчүн дагы сезилээрлик пайда алып келди десем жаңылышпайм» – деп белгиледи Сяо Цинхуа.

Ал эми саясий көз караштар тууралуу Сяо Цинхуа Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бийик деңгээлдеги ишеним келечекте ар тармактуу келишимдердин фундаменти боло алат экендигин айтты.

Мындан тышкары Сяо Цинхуа президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапары эки тараптын мамимлелери стратегиялык өнөктөш катары жаңы баскычта өркүндөйт деп кошумчалады.

«Эки тараптуу жолугушуунун болгону эки мамлекеттин бири-бири менен болгон мамилеге олуттуу көңүл бургандыгынан кабар берет. Кыргызстан менен Кытай жакын коңшу мамлекет катары түбөлүктүү достукта калышат» – деп белгиледи элчи.

Мындан тышкары Кытай буга чейинки Кыргызстанга көрсөткөн жардамын токтотпойт экендигин айтты.
Ал борбор калаада өткөн антикытай митингин эки мамлекеттин достук мамилесин бузууну каалагандар уюштургандыгын айтты. «Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө белгилегендей, алардын максаты ишке ашпайт. Биз президенттин айтканын бийик баалайбыз. Кытай буга чейинки жана мындан ары достук мамилесин уланта берет» – дсп кошумчалады элчи.

Назгүл Исакова 

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: