Menu

Адил Турдукулов: «Мага Мелис Турганбаев менен Канат Жумагазиев «боёнгон» кыздар менен «борчиктерди» жөнөтүшүп, чагым жасашкан»

Бөлүшүү:

– Адил мырза, Мелис Турганбаев менен Канат Жумагазиев боюнча сын пикирлерди жазып атасың, сыры эмнеде?

– Беш жыл мурун биз, «Жаңы муундун» мырзалары жападан жалгыз жогорку бийликке карата каршы митингдерди өткөзүп жүрчүбүз. Ошол убакта бизге карата Акүйгө жагыныш үчүн Бишкек милициясынын жетекчиси Мелис Турганбаев жана Биринчи Май районунун милициянын жетекчиси Канат Жумагазиев одоно күч колдонуп, бир нече жолу мыйзамсыз кармап, камашкан. Ошондукган мен Фейсбуктан «Мелис Турганбаев ошондой ыкманы уланта берсе, аны Молдомуса Конгантиевдин тагдыры күтүп турарын» эскерткем. Аны кээ бир маалымат агенттиктер да көчүрүп жазып чыгышкан. Ошондо Жумагазиев менден бул постту алып коюуну талап кылган. Мен, албетте, макул эмес болчумун. Ошол эле күнү «Кабардын» журналистибиз» деген кыздар телефон чалышып, «интервью алалы» деп сурангандыктан, мен КМУнун алдында жолугууну сунуштагам болчумун. Ал жакка барсам, журналисттерге окшобогон, «башка кесипке» таандык, өтө эле боёнгон эки кыз чыга калышты, алардын артынан эки «борчик» кошо чыгышып, мени унааны көздөй сүйрөй башташты. Чагым жасашты. Мелис байке мени менен сүйлөшөрүн айтышты. Ошол убакта мен Мелис Аспековго чалууга үлгүрүп калдым. Ал бачым эле келип, телефонго тартып алды. Ошондон чочуп кетишип, бирок, «дагы келебиз» деп эскертип кете беришти. Ошондой бандиттик ыкманы колдонгон Турганбаев, Жумагазиев милиция системасында иштөөгө моралдык да, мыйзамдык укугу жок деп эсептейм!

Арсланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: