Menu

2020-жылы рак илдетин дарылаган брахитерапия аппараты сатылып алынат

Бөлүшүү:

– Өмүрбек Чиркешович, «азыркы Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тарыхындагы эң алсыз, жек көрүндү парламент болуп бара жатат, бул парламенттин мындай болуп калышына шайлоо системасы күнөөлүү, шайлоо системасын реформалап, өзгөртүп, партиялык-пропорционалдык системадан кетип, бир мандаттуу мажоритардык системага өтүү керек» деген ойлор эл арасында айтыла баштады. «Партиялык шайлоо Текебаевдин сунушу» деп айтылып да жүрөт. Сиз эмне дейсиз?

– Бүгүнкү шайлоо системасы 2007-жылы ошол кездеги президент Бакиевдин демилгеси менен референдумда кабыл алынгандыгын айтып коюшум керек. 2010-жылы күтүүсүз парламенттик шайлоо болду. Жаңы шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, шайлоо Бакиевдин убагындагы мыйзам менен өттү. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргызстанга парламенттик башкаруу формасы кирип, партиялардын ролу күчөгөн. Өкмөттү шайлоодо уткан партиялар түзүшөт. Ошондуктан пропорционалдык шайлоо системасы болуш керек. Туура, азыр «саясый аналитикмин, саясатчымын» дегендер, саясатка кызыккан карапайым адамдар да сөздү баштаганда эле «парламенттеги 120 депутат көп, аны азайтыш керек», деп ар кимиси ар кандай цифраларды айтышат. Бирөөсү 15, башкасы 30, 40, дагы башкалары 60, 90 депутат болуусу керектигин айтышат. Эң өкүнүчтүүсү, жөнөкөй адамдар гана эмес, саясатчылар да Кыргызстандын алдында турган проблемаларды, аларды чечүүнүн оңой жолу катары депутаттардын санын азайтууну гана сунуштап, ал эми проблемалардын табиятын, себебин, аларды чечүүнүн жолдорун көргөзүшпөйт. Эгер кептин баары депутаттардын санында эле болсо, жашоо жеңил болбойт беле. Адам – социалдык жандык. Анын психологиясы белгилүү мыйзамдарга баш ийет. Социология, психология боюнча адистер изилдеп, төмөндөгүдөй мыйзамды ачышкан: минималдык топ 7 адамдан кем эмес болуш керек. Ошол топтун ичинде табият бөлүп койгон ролдор бар. Лидер, лидердин жардамчысы, оппозиция, баарын угуп иштей турган адамдар, акылдуусу, куусу, жалкоосу, мээнеткечи ж.б. Топтогу ушул зарыл болгон ролдорду ээлегенге 7 адам жетет. Оптималдуу топ 10-12 адамдан турат. 25-40 адамга чейинки чоң топ «оптималдуу команда» деп эсептелет. (28 солдатган турган взводду эстеңиз). Мунун парламентке кандай тиешеси бар? Парламентте партиялык фракциялар командалардын ролун аткарышат. Парламент дагы соцпсихологиянын мыйзамдары менен гана эмес, Конституция менен да фракцияларга бөлүштүрүлгөн. Бийликчил фракция болот, ортозаар фракция, оппозициялык, келишкис оппозициялык фракциялар болот. Мына ушул ролдорду аткарган фракциялар сөзсүз болушу шарт. Коомдогу 3-4 социалдык топтун кызыкчылыгын, пикирин чагылдырган команда-фракциялардан турган парламентте 100-150 депутат болот экен. (103-110 солдаттан турган ротаны эстеңиз). Антпесе, парламентте толук кандуу конкуренция болбойт, парламент өз милдетин толук кандуу аткара албайт. Мына ушундан болсо керек, практикалык жол менен көпчүлүк майда өлкөлөр парламенттик депутаттарынын санын 100дөн 150гө чейин түзүшөт. А чоң өлкөлөрдүн парламенттеринде 2,5 миңге чейин депутаттары бар. «Сандан сапатка өтүү» деген мыйзам так ушул жерде байкаларлык иштейт.

1993-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, эки палатадан турган Жогорку Кеңеште 105 депутат болгон. Эл өкүлдөр жыйынында 70, мыйзам чыгаруу жыйынында 35 депутат болгон. Мен ошол мыйзам чыгаруу жыйынында иштегем. Ошол жылдары нарындык бир карт саясатчы келип, «Өмүке, бир тайлык турбайсыңарбы» деп айтты. Түшүнбөй, «бир тайлык деген эмне?» деп сурасам, «бир тай союп, конокко чакырып, бир дасторконго отургузуп, 18 депутаттын көңүлүн алсаң, парламент сеники экен да» деп прагматикалык оюн айтып кеткен эле. 35 адам тез эле тил табышып алат. Бири-бирин капа кылгысы келбейт. Бүгүн биринин көңүлүн алып, анын мыйзамын, сунушун колдосо, эртең жапырт экинчисиникин колдоп берет. Ошентип, жең ичинен иштер бүтүп, эң негизги объективдүүлүк, саясый конкуренция, атаандаштык болбойт, талаштан тактык жаралбайт. 2010-жылы ошондуктан, дүйнөлүк практиканы эске алып, «120 депутат болсун» деп тандадык. 120 депутаттар жетишерлик көп. Мынча адамдар жең ичинен тымызын сүйлөшө алышпайт. Сыр сакталбай, коомго тарап турат. Образдуу айтканда, бир дасторконго батышпайт. Атаандаштык пайда болот. Жыйынтыгында мындай парламент коомго көбүрөөк пайдалуу болот. Биз түзгөн саясый система атаандаштыкка негизделген система. Атаандаштыктын кыймылдаткыч күчү адамдардын жакшы сапаттары эле эмес, алардын жаман сапаттары да болот. Ал кандай жаман сапат: ичитардык, бийликке, байлыкка умтулгандык, тойбостук, көралбастык жана башкалар. «Мына ушул жаман сапаттар да атаандашууну пайда кылып, жыйынтыгы коомго пайда алып келиш керек» деген принцип менен түзүлгөн саясый система.

– Ошондо 120 деген сан кайдан келип чыкты?

– Дүйнөлүк тарыхый тажрыйбадан. Кыргызстан кичине өлкөлөрдүн катарына кирет. Биздей өлкөлөрдүн парламенттеринде депутаттарынын саны 100дөн 150гө чейин. Мисалы, мурунку СССРдин республикаларынын парламенттерин карап көрөлү:

 

лери, заправкалары барлар жа-на башка ишканалары барлар баарын ээлеп, «бөтөн адам» деп башка жактан келгендер-ди киргизбейт. Мен бүгүн бул жерде жатып эле, Ат-Башыда кайсы кландар чабышарын, ки-миси өтүп келерин, Алайда же Кара-Сууда кайсы кландар ча-бышып, кимиси өтүп келерин айта алам. Административдик ресурс күчтүү болгон жерде жергиликтүү бизнесмендердин баарын кысып, бир талапкерди колдотуп коёт. Административ-дик ресурс начарыраак болуп, финансылык ресурс күчтүүрөк болсо, жергиликтүү «олигарх» акимди, милициясын, проку-рорун кошо сатып алып, өзүнүн тууганын: балдарын, бөлөсүн, жээнин же башка адамдарын кезек-кезеги менен Жогорку Кеңешке депутат кылып шай-лап коёт. «Бир мандаттуу шай-лоо системасы кирсе, эл-жер
Т
Өлкөнүн аты Калкы (млн.) Депутаттардын саны
Кыргызстан 6.2. 120
Тажикстан 8.5. 96(33+63)
Өзбекстан 29.9. 250 (100+150)
Казакстан 17.6. 154 (47+107)
Түркмөнстан 5.4. 125
Азербайжан 9.8. 125
Грузия 3.7. 150
Армения 3. 132
Молдова 4.1. 101
Украина 44.8. 450
Белоруссия 9.5. 174(64+110)
Латвия 1.95. 100
Литва 2.8. 141
Эстония 1.3. 101

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: