Menu

Журналист Улугбек Бабакулов Францияда саясий башпаанек алды

Бөлүшүү:
Эки жыл мурда улут аралык кастыкты козутуу айыбынан улам өлкөдөн чыгып кеткен журналист Улугбек Бабакулов Францияда качкын макамын алды. Бул тууралуу «Фергана.ру» маалымат агенттиги жазды.

Журналисттик аталган басылмага билдиргенине караганда, макамды берүү эрежелеринде ал кайсы бир убакка чейин Кыргызстанга келе албастыгы жана чет өлкөдөгү элчилик, дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрыла албай тургандыгы жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабакуловго Фергана.ру сайтына жазган макаласында «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Бабакулов бул айыпты четке каккан.

Журналист жеке коопсуздугуна байланыштуу ошол эле жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда ал Францияда жашайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: