Menu

Видео – КР ИИМнин Москвадагы өкүлү Асхат Алиев мекендештерди “тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур” деген сыяктуу чагымдарга алдырбоого чакырат

Бөлүшүү:

КР Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Асхат Алиев мекендештерди “тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур” деген сыяктуу чакырыктарга жана ар кандай чагымдарга алдырбоого чакырып, социалдык тармактардан кайрылуу жасады. “Урматтуу Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер! Сиздерге кайрылуубуздун себеби, акыркы күндөрү ар кандай ‘’ Вотсап’’ группалардан “тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур”, жана башка ушул сыяктуу ар кандай билдирүүлөр тарап , ошол замат массалык түрдө чогула калган фактылар болуп жатат. Тилеке каршы мындай чогулуулардын арты жакшы менен бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз, мындай учурда провокацияга алдыртпастан , мыйзам чегинен чыкпай полицияга же болбосо Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылуунуздар керек. “Бир уйдун мүйүзу сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” дегендей, саналуу мекендештердин мыйзам бузган терс көрүнүштөрү, миңдеген эмгектенип жүргөн жердештерибизге терс таасири тийерин унутпаңыздар. Ушул маалыматты бөлүшүп, группаларга таратып коюуңуздарды суранабыз. Сиздерди урматоо менен А.Алиев”, – деп жазат ал.

https://www.youtube.com/watch?v=Au0LECs7b1k

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: