“Кечээ, 4-мартта КСДПнын Саясый кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйын партиянын Уставынын бардык эрежелерин сактоо менен, керектүү кворум жыйнап, анын ичинде партиянын аймактардагы Саясый кеңешинин мүчөлөрүнүн да катышуусу менен болду.”, – деп билдирди бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге.
“Саясый кеңеш Сагынбек Абдырахманов, Кожобек Рыспаев жана Иса Өмүркуловдун КСДПнын катарынан чыгарылышы легитимсиз болгон деп тапты. Ошондой эле КСДПнын кезектеги съездин 3-апрелде Бишкекте өткөрүүнү чечти. Алдын-ала маалыматтар боюнча съездге өлкөнүн бардык аймактарынан, партиянын баштапкы уюмдарынын конференцияларынан шайланган 300 делегат катышат. Съезд КСДПнын Саясый кеңешинин жаңы курамын жана партиянын жаңы төрагасын шайлайт”, – деди Иса Өмүркулов.
Эсиңиздерге сала кетсек, азыркы учурда КСДПнын төрагасын кызматын экс-президент Алмаз Атамбаев аркалайт.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ