– Талант мырза, юрист катары пробация институтуна көз карашыңыз кандай? Ал юстиция министрлигинин курамында болгону туурабы?
– Биз беш кодекс, эки мыйзамды кабыл алганбыз. Ошонун ичинде «Пробация жөнүндөгү» мыйзам да бар. Бул гуманизациялоонун негизинде кабыл алынган жаңы институт. Жазага байланышпаган соттун чечимдерин пробация органдары аткарат. Жаңы формадагы аракеттер каралган ал жерде. Анын баары юстиция министрлигине тиешелүү маселе болуп эсептелет. Ошондуктан, ал мыйзам талаптарына ылайык, юстиция министрлигине өтүшү керек.
– Ушул маселе укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте каралып жатканда азыр жатак абакка чыккандардын көйгөйү да толук чечилбей жатканы айтылды. Ошондой шартта бул институт юстиция министрлигине оор жүк болуп калышы мүмкүнбү? Буга кандай дейсиз?
– Жатак абак – бул башка меселе. Пробация институту жазага байланышпаган, шарттуу жаза алгандарды жумуш менен камсыздоо, паспорт алып берүү сыяктуу жумуштарды жасайт. Себеби, ошондой маселелер көп.
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ