Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Э.Ч. аттуу судьясына жана соттун башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кылмыш иши Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын чечиминин негизинде козголгон. Алар 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталууда. Мындан сырткары мас абалында унаа башкаргандар үчүн айып пул катары төлөнүүчү 4 млн. 711 миң сомду алдамчылык жол менен кымырып алууга шек саналып жатышат. Аталган иш тергөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ