УКМК кызматкерлери Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору Калысбек Жумакановду кайрадан камакка алышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, чиновник буга чейин атайын кызмат тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында кармалган. Бирок, ден-соолугунун абалына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.
«Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алуу боюнча пайдасыз келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынактан өтпөгөн адамдарды бош жетекчилик кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоо фактылары аныкталды”, – деп айтылат биллирүүдө.
Ошондой эле, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Ошондой эле кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылды.
Жаңы фактыларды иликтөөнүн алкагында Калысбек Жумаканов кайрадан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ