Menu

Эртең “Кырк чоро” мэриянын алдында мэр Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылган акция өткөрөт

Бөлүшүү:

Эртең, 11-мартта “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси Бишкек мэриясынын алдына чыгып,  8-мартта Бишкекте өткөн гейпарадга каршылык акциясын өткөрөт жана 13-мартта ушул эле мазмунда өздөрү уюштура турган Бишкектеги жүрүш тууралу билдиришет.

“Эртең 11-март Бишкек мериясынын астында саат 11:00до акция болот. Интернет баатырлары келгиле. Гейпарадга жол бергендер жоопко тартылсын. Ээлеген кызматынан кетсин”, – деп жазган “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жана “Кырк чоро” кошундарынын лидери Замирбек Көчөрбаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында. Аны менен катар Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылган плакатты кошо жарыялаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-март күнү “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси Ак калпак күнүнө карата Бишкекте атчан жүрүш өткөрүүнү каалаганда Бишкек мэриясы уруксат бербей койгон.

7-март күнү “Кыргыз чоролору” Бишкек мэриясы феминисттерге жүрүш өткөрүүгө  8-мартка  уруксат бергенин билип, аларга каршы жүрүш өткөрүү үчүн “Кырк чорого” да уруксат сурап кайрылган. Бирок мэрия бул жолу да уруксат берген эмес.

8-март күнү “Кыргыз чоролорунун” Замирбек Көчөрбаев баштаган жигиттери “Ала-Тоо аянтында кыз-келиндерге гүл таратып жатып, тааныбастан феминисттик кыймылдын активист кыздарына гүл сунуп, сүрөткө түшүшкөн. Айрым маалыматтар боюнча ал кыздардын бири Роза Отунбаеванын жакын сиңдилеринин бири (бир тууган сиңдисинин кызы) Айжан Чыныбаева болуп чыккан.

“Кырк чоронун” лидери Замирбек Көчөрбаев жүктөгөн фотоплакат.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: