Menu

16-мартта өлкө боюнча жалпы республикалык ишембилик өтөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

Белгиленгендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өлкө Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын тиешелүү түрдө ишке ашыруу боюнча максималдуу күч-аракеттерди жумшоого тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: