Menu

“Цезардын аялы шектен тышкары болуш керек” дегендей Кыргыз Өкмөтүнүн вице-премьери да шектен тышкары болушу зарыл

Бөлүшүү:

Кечээ, 25-мартта КР Өкмөтү бир таңгалычтуу билдирүү таратты. Анда “айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында айтылган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар делген маалымат жалган болуп саналарын жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирет“, деп айтылат.

Кызык, ошондо өкмөттүн ою боюнча КР Жогорку Кеңешинин трибунасында бул маселени сөз кылган депутаттар Мурадыл Мадеминов, Алтынбек Сулайманов, Рыскелди Момбеков, Алманбет Шыкмаматов, Зарыл Рысалиев, Руслан Казакбаев, Исхак Масалиевдер журналисттер менен кошо жалганчы жана чагымчылдар болуп калабы?

Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган“, деп айтылат андан ары өкмөтүн билдирүүсүндө.

Кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы, бир канча жылдан бери чет элдик жана атамекендик массалык маалымат каражаттары Жеңиш Разаков Баткен облустук милициянын бир бөлүмүн башкарып жүрүп, өзүнүн жетекчилеринен тымызын, аларга айтпай Тажикстандын аймагына өтүп кетип, ал жактан 20 кг героин менен кармалып, 3 сутка тажик коопсуздук кызматынын абагында олтурган, ошол учурда узак жылга камалып кетүү коркунучу жаралып, аларга агент болуп иштеп берүү макулдугун бергенден кийин гана коё берилген. Разаков менен кошо колго түшкөн шериги 20 жылга соттолуп кеткен деп жазып келатышат. Бирок Өкмөттөн же Жеңиш Разаковдон ушунча жылдан бери “бул калп!” деген үн чыкпайт. ММКларды сотко бере албайт. Ошондой эле Жеңиш Разаковду тажик коопсуздук кызматына агенттикке тартып кеткен тажик коопсуздук кызматкери медаль менен сыйланганы сүрөттөрү менен жарыяланып чыгууда. Жеңиш Разаков кийин берген маалыматтары үчүн алды деп эсептелген гонорарлардын суммасы көрсөтүлүп-жазылып келатат. Бирок Өкмөт менен Разаков ооздоруна суу уурттап алгансып ушунча жыл унчукпай келатышат.

КР Өкмөтү: “Жеңиш Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып өттү, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштеген”.

Ооба, так ошол 2010-жылы Баткен облустук милициянын начальниги болуп иштеген полковник Бакыт Алымбековго үч сутка дайынсыз жок болуп кеткен милиция кызматкери Жеңиш Разаков түшүнүк кат жазып, өзү Тажикстандын коопсуздук кызматынын абагына түшүп калганын мойнуна алган каты 22-мартта “Азия ньюс” гезитине жарыяланбадыбы. Бул деген кыйыр далил эмеспи?

КР Өкмөтү:”Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешесинин бар болушу анын бүтүндөй кызматтык ишмердиги бою байкалбай калмак эмес. Ушуга байланыштуу дагы бир ирет белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтын эч кандай негизи жок жана коомчулукту адаштырууда”

Ооба, байкалмай калмак эмес. Эбак эле байкалган жана коомчулук бул маселени көтөрүп келатат. Болгону Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмияновдун колтугуна кирип алган Жеңиш Разаков буга чейин Илмияновго таянып алып, бул ишти дайыма күч менен басып келген. Жаңы бийлик Илмияновду камагандан кийин бул маселе коомчулук тарабынан кайра көтөрүлө баштады.

КР Өкмөтү: “Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүү боюнча  текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өз баасын берет.”

КР УКМК бул маалыматты текшерип жатат деп өткөн жумада эле айтылган, бирок текшерүү бүтө элек. Бүгүн болсо өкмөт бул билдирүү менен Разаковду коргоп, УКМКга басым жасап жатабы? Анын үстүнө силер Разаковдун тыңчы же тыңчы эмес экенин кантип далилдейсиңер? Чет элдик коопсуздук кызматтары эч качан өзүнүн тыңчыларын тыңчы деп салып бербейт. Ошондуктан тыңчылыкка шектелген дипломаттарды да персона-нон-грата деп өлкөдөн чыгарып жиберишет. Аны далилдеп олтурушпайт. Колго түшүп калган тыңчыларын да мамлекет расмий түрдө тыңчы деп жарыялабайт.

Ошол себептен мамлекеттик ири кызматта иштеген кыргыз лөктөрү чет элдик коопсуздук кызматынын тыңчысы деген шектен тышкары болуш керек. Андай шектин жаралышына жол бербеш керек. Эгер бирөө жалаа жаба баштаса эки-үч жылдап шымын булгап алган баладай учукпай олтуруп бербей, өзүнүн актыгын өтө ыкчамдык менен далилдеп, баарынын оозун жабышы зарыл.

Биздин эрага чейинки I кылымда эле Римдин кол башчысы, консулу, диктатору Юлий Цезарь аялы Помпея Сулланын бөлмөсүнө жат эркектин келгенин уккандан кийин ал аялы менен дароо ажырашат. “Балким сиздин аялыңыз сиздин көзүңүзгө чөп салбагандыр, сиз шашып кеткен жоксузбу?” деген тариздеги суроолорго Юлий Цезарь “Цезардын аялы шектен тышкары болуш керек!” деп жооп бергенин Европанын эли бүгүнкү күнгө чейин тамшанып айтып жүрүшөт.

Анын сыңарындай кыргыз эли кыргыз мамлекетин башкарууну ишенип берген кыргыз чоңдору чет элдик тыңчы деген шектен жогору болуш керек. Парламент тарабынан КР Өкмөтүн жетектөө ишенип тапшырылган КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин орун басары чэт элдик агент деген шектен сырткары болушу зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарууга ишеним көрсөткөн мамлекеттик чиновниктер чет элдик тыңчы деген шектен тышкары болуш керек. Өкмөт менен Жеңиш Разаковдун кечиккен актануулары эми суу кечпейт. Мындай айыпка шектелген чиновниктер уяты болсо өздөрү эле отставкага кетип калышмак. Анын үстүнө Кыргызстандын күч органдарынын кызматкерлеринин көбү бул окуяны ийне-жибине чейин билишет, ошондуктан Жеңиш Разаковдун КР Өкмөтүнүн коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча вице-премьери болуп иштөөсүнө моралдык укугу барбы?

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: