Menu

Токмокто депутат бычакташуудан каза болду

Бөлүшүү:

17-март күнү түндө Токмок шаарында эркек адам бычакташуудан каза болгондугун Чүй облусттук Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, ошол күнү болжол менен саат 03:05те ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө эркек адамдын 1 өлтүрөлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада жетип келген ыкчам-тергөө тобу азия түспөлүндөгү 20-25 жаштагы адамдын бычакталып жаткандыгын көрүшкөн.

Бул факт ички иштер органы тарабынан катоого алынып, “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки териштирүү учурунда өлтүрөлгөн 29 жаштагы Тилек Сеитбеков Чүй районундагы айылдык кеңештин биринин депутаты экендиги аныкталды.

Мындан тышкары, ошол эле күнү саат 03:00 чамасында нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан 30 жаштагы Ш.Т. бычакталып түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелип, 24 жаштагы С.Д. атуу жергиликтүү жаран кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Токмоктун 1 көчөлөрүнүн биринде бир нече жаштардын ортосунда мушташ болуп, анын кесепетинен бири каза болуп, экинчиси бычакталып, ооруканага жеткирилген. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө. Баардык соттук-медициналык экс-пертизалар жүргүзүлүүдө.

Токмок кылмыш көп катталган жана кылмыш дүйнөсүнүн анабашылары байырлаган шаар экендиги белгилүү. Андыктан алардын ортосунда ушундай 1 “разборкалар” да болуп турары табигый көрүнүш. Бирок бычакталып өлтүрүлгөн адамдын бири жергиликтүү кеңештин депутаты экендиги таң каларлык. Депутаттар минтип малдай өлтүрүлүп жатса, карапайым эл кайда барат?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: