Menu

“Кыргызстан” партиясынын убадаларын эстеп көрбөйлүбү?

Бөлүшүү:

Ырас, ушу тапта «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү ЖКда олтурат. А тургай ЖКнын спикери да ушул партияда. Албетте, ар бир партиянын үгүт иштеринде ураандар колдонулат. Бирок булардыкы эми бир укмуш эле. 2015-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосунда «төрөлгөн ар бир наристеге сүйүнчү акча катары 50 миң сом беребиз» дегендей кеп болгон. Парламенттик шайлоо алдында так ошентип сайрап туруп, бүгүн болсо алакан жайып олтурушат. Дегенибиз, бир ирет «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Алмаз Баатырбеков бир гезитке маек бериптир. Маектешкен журналист так ошол жаңы төрөлгөн наристеге 50 миң сом берүү боюнча суроо берип сураган экен, “эми биз 50 миң сом берилет деп айтып жатканда кризис болуп кетээрин билген эмеспиз да. Мына төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон сүйүнчү берилип атпайбы. Бул да биздин ишке ашырган аракетибиз” деп куу чөп менен оозун сүртүп абалдан чыгыптыр. «Бали, Баатырбеков!» дебеске арга жок, анткени Кыргызстан деген өлкөбүз «Кыргызстан» партиясы кризиске батканчале кризисте олтурганын булар шайлоо алдында унутуп коюшуптур. Алмаз мырзанын алдар көсөөчө айткан жообу жакаңды карматат экен, эй! Ар бир төрөлгөн балага 50 миң сом алабыз деген кур үмүт менен канча жаран «Кыргызстан» партиясына добуш берди экен?!

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: