Транспорт министринин пара менен кармалган мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча тергөө аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Эске сала кетсек, 2018-жылдын 5-декабрында Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган. Ал акчаны өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары алган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланып, ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ