Menu

Владимир Путин ЖККУ жана ШКУ саммиттерине катышуу үчүн Бишкекке кайтып келет

Бөлүшүү:

Орусиянын лидери Владимир Путин ЖККУ жана ШКУ самиттерине катышуу үчүн Бишкекке кайтып келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында президенттин аппаратынын сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Орусия менен эки тараптык алакалар жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.

«Стратегиялык кызматташтык бекемделди, мындан аркы өнүгүү үчүн ишенимдүү негиздер салынды. Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири- 2020-жылды кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыялоо боюнча чечим болду»,-деп билдирди Данияр Сыдыков.

Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 18 маанилүү документке кол коюлганы, ошондой эле эки өлкө башчынын биргелешкен билдирүүсү болгондугун эске салды.

«Сапарынын жыйынтыгында Владимир Путин быйыл Бишкекте өтө турчу ЖККУ жана ШКУнун самиттерине катыша тургандыгын тастыктады»,-деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: