Menu

Куудул өлкө башкарабы?

Бөлүшүү:

31-мартта Украинада президенттик шайлоо өттү. 39 талапкердин арасында чоң саясатта көп жылдар бою жүрүп, саясаттын ысык-суугун көргөн Украинанын учурдагы президенти Пётр Порошенко жана экс-премьер Юлия Тимошенко фавориттер катары сыпатталган эле. Бирок саясатта алгачкы кадамдарды жасап жаткан 41 жаштагы куудул Владимир Зеленский шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча биринчи орунду ээледи. Анын алган добушу учурдагы ажого салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Жакынкы 5 жылда Украинаны ким башкарары 21-апрелде экинчи турда чечилмекчи.

Украинадагы популярдуу саясий-юмористтик сериалда Зеленскийдин элдик президенттин ролун ойноп, кийин чындап шайлоого ат салышканы гениалдуу үгүт кампаниясы катары бааланууда. Башында элдин кызматчысы тууралуу сериал жасады, андан соң бул сериал жеңиш алып келди. Ошондуктан президенттик шайлоодо эл кимге добуш бергени кызыктуу. Зеленскийдин өзүнөбү же сериалдагы каармангабы?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: