«Түндүк электр» ишканасы КТРКда саясий партиялардын лидерлеринин дебаттары учурунда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө эмне себеп болгонун түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, кечээ, 30-сентябрда саясий партиялардын лидерлеринин дебаттары учурунда, түз эфирде бир нече мүнөт убакытка электр жарыгы өчүп калган.
“Түндүкэлектр” ишканасы КТРКнын административдик имаратында сегиз мүнөттө – 21: 48ден 21: 56га чейин электр жарыгы жок болгонун билдирди. Саат 21: 36да “Ново-Западная” жогорку чыңалуудагы кабелдик линиясында “Жер” деген секциядагы коргонуу иштеп кеткен. Натыйжада “Транс-Электро” ЖЧКнын балансында турган “Ново-Западная – Сельмаш-1″ кабелдик линиясынын бузулушуна алып келген”, – деп түшүндүрмө беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ