Menu

Видео – Максат Чегирткеев, Апрель Баатыры: “Мага бөлүнгөн акчаны алып койгону үчүн мен Фарид Ниязовдун үстүнөн милицияга өзүм арыз жаздым”

Бөлүшүү:

“Мен, Чегирткеев Максат 2010-жылы 7-апрелде оор жаракат алгам. Өткөн айда мен жергиликтүү сайттардын бирине интервью бергем, анткени 2017-жылы менин Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги эсебимде акча бар болчу.  Ал акча атайын менин дарылануума мурун бөлүнгөн акча эле”, – деп билдирди бүгүн, 2-апрелде Апрель Баатыры Максат Чегирткеев.

“Анын эсебинен мен Кытайга да барып, дарыланып келгем. Калган акчага дарыланууңду улантасын деп айтышкан. Анан врачтар консилиум өткөрүп, ошол калган акчага Сочи шаарында дарыланууга алар корутунду чыгарып беришкен. Анан ошол комиссияга Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул бала дарыланууга  муктаж деп сунушташкан. Бийлик ошол сунушту четке кагып, консилиумдун кортундусун жокко чыгырып, менин Саламаттыкты сактоо минитрлигиндеги эсебимден акчаны кайтарып алып коюшкан. Ошол кезде мен аябай ооруп жүргөм. Ошондон кескин начарлап, аябай көпкө оорудум…”, -деди Апрель Баатыры.

“Мен Ички иштер министрлигине өзүм кайрылгам, анткени мен 2-группадагы инвалидмин, дарыланганга муктаж болчумун, акчаны алып коюшкандыктан мен ошол, 2017-жылдагы Апрель революциясынан жапа чеккендерге жардам берчү мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязовдун үстүнөн арыз жаздым. Себеби, менин ошол кездеги ахыбалымды көрүп туруп, ал калыс чечкен эмес. Мен чындыгында оорукчан адам болчумун. Ошону тастыктаган документтер бар болчу”, – дейт Максат Чегирткеев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: