Menu

Гүлбара Калиева, КР Жогорку сотунун төрайымы: “Албетте, “жогору” жакты карап иш алып барабыз…”

Бөлүшүү:

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуу учурунда: «Сиздер менен ачык-айкын кызматташууга чакырам. Тыгыз байланышта болгубуз келет. Сот системасы толук маалымат берүүгө милдеттүү. А сиздер болсо коомчулукка укуктук жактан сабаттуу маалыматтарды беришиңиздер керек. Мындан ары байланыштарды іёкемдөө боюнча сунуштарды укканга даярмын» деди. ЖМК өкүлдөрү соттун төрайымы Гүлбара айымга көйгөй жараткан суроолорду беришип, жоопторун алышты. Биз да куру калган жокпуз.

– Гүлбара айым, биз билебиз, журналист коомчулукка чыгарган баардык материалына жоопкер. Бирок, бир жагдай бар, «ЖМК өкүлү тактоо аракетинде суроо камтылган макаласы үчүн соттошууга чейин барбаш керек» деген. Тилекке каршы, бизде журналистти же редакцияны суроо бергендиги үчүн эле жоопко тарткан учурлар кездешет. Ушул боюнча түшүндүрмө берип кетесизби?

– Ал маселени төмөндөгүчө жооп берейин. Журналист кандай гана күн болбосун коомчулукка чыгара турган макаласын «тиги мындай кылыптыр, бул андай эмес экен» дештен мурун маалымат булагын ар тараптуу такташ керек. Ооба, биздин соттордо да бар. Мен аларды коргоюн деген оюм жок. А сиздер да кийин опровержение бербегидей, сотто соттошпогондой жагын кылдат карап, иликтеп туруп чыгарууңар абзел. Ошондо «ач кулактан тынч кулак» болосуздар.

– Өлкө президенти коррупция менен күрөшүүнү алдыңкы планга алып чыккан. Анын ичинде соттордун адилеттүү чечим чыгаруусуна аябай көңүл бөлүп атат. Жашырганда не, мурунку бийликтин учурунда кайсы гана сот болбосун чечим чыгарарда «жогору» жактын командасын күтүп, ошого жараша иш кылып келишкен. Азыр да «жогору» жакты карап чечим чыгарып атышабы?

– Жогорку сот кызматына келгениме аз эле убакыт болду, тактап айтсам, үч айдын жүзү болду. Азыркы учурда колдон келишинче ачык-айкын иштегенге аракет кылып атабыз. Албетте, соттун кайсы гана чечимин алып көрбөйлү, же тиги жагына жакпай калат, же бул жагына жакпай калат. Ошон үчүн мыйзам чегинде гана иш алып баруу биздин ыйык милдет. Жогорку сот да коррупция менен күрөшүүнү күчөтөт, бошоңдобойбуз.

– «Жогору» жакты карап дегенге жооп берип коёсузбу?

– Албетте, «жогору» жакты карап иш алып барабыз (күлүп)… Анткени, Кудай баарын карап турат…

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: