Ошто атасы чынжыр менен жылыткычка байлап койгон кыз ата-энесине берилди. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.
«Биз бул аралыкта кыздын жашоо шарты менен таанышып чыкканбыз. Ал эми ал жаран жазага тартылгандан кийин дагы балдар үйүндөгү кызынан тынымсыз кабар алып турган. Ошондой эле жаза мөөнөтү учурунда башка дагы туура эмес иштерди жасабагандыгын эске алуу менен кызды ата-энесине кайтаруу чечимин чыгардык. Биздин кызматкерлер эми ай сайын кыздан кабар алып турушат. Учурда кыз мектепке барып, окуусун улантып жатат. Жашоосу, ата-энеси менен дагы мамилеси жакшы» деди Раева.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ