Menu

Атамбаев “7-апрель шейиттери” мечитин ачты

Бөлүшүү:

4-апрелде Бишкектин 7-кичирайонунда экс-президент Алмазбек Атамбаев курдурган “7-апрель шейиттери» мечитинин ачылышы болду. Ага экс-президент өзү, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, аалым Абдышүкүр ажы Нарматовдор да катышышты.

Мечитте жалпы арбактарга арналып, куран окутулду. “Мен президент болуп турганымда өлкөдө жүздөгөн мектептерди салдырдым. Мен – мусулманмын. Андыктан, мечит салууда – милдетим”,-деди экс-президент ачылышта сүйлөгөн сөзүндө.

Мечит беш миң кишиге ылайыкталып, 2 гектардан ашык жерге салынган. Буга кеткен каражат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке казынасынан жумшалган. Ошондой эле ал мечиттин ортосундагы люстраны чет өлкөдөн бир досу берип жибергендигин билдирип,“Бул мечитти жалгыз өзүм эле кура алмак эмесмин, башка досторум да жардам беришти. Бирок алардын ким экендигин айта албаймын Атамбаевдин адамы деп … куугунтуктап жүрүшпөсүн. Курулуш иштерин түрк жарандары жасашты, алар бул жерде отурушат, Сиздерге рахмат”,- деди.

Ал эми Абдышүкүр Нарматов өз сөзүндө айрым адамдар жумурткадан кыр издебеш керектигин, саясат өз жолу менен болуш керектигин айтып, “Бул Атамбаевдин эмес. Алланын мечити болот…”,-деди.

Эми “Кытайдан алып келген 10 граммдык рюмка менен кээде коньяк да ичип койгон…” адамдын мечит салып, намаз окугандыгы кандай болор экен? Балким, бул суроого анын жанында отурган эки аалым жооп беришер…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: