Menu

Алмаз Атамбаев: “”Фальшивый” социал-демократтардын максаты Атамбаевди каматуу, алардын артында Асылбек менен Сооронбай Жээнбековдор турат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте КСДПнын XVIII съезди болуп өтүп, андан кийин уюштурулган маалымат жыйынында партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

-Кечээ кабыл алынган экс-президенттин ишмердиги тууралу мыйзам – бул сизге карата кылмыш ишин козгоо аракеттери катары баалайсызбы?
-Мага берки “фальшивый” социал-демократтардан журналисттер сураган турбайсыңарбы, негизги максатыңар эмне деп, алар “негизги максат – Атамбаевди каматуу” дешиптир. Алардын артында ошол эле Асылбек жана  Сооронбай Жээнбековдор бар, тийиштүү кландар бар. Мен Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Эгерде мага кылмыш ишин козгойм деп жатса, мына азырга чейин ондогон адамдар камалып жатса дагы, кандайдыр бир мага каршы көрсөтмө алалбай жатат. Алса дагы мага бир кылмыш ишин козготуш үчүн мен бир кылмыш жасашым керек да. Мен Кудай алдында, эл алдында тазамын. Коррупция менен күрөшөм деп кыйкырып жаткан азыр чындыгында коррупция менен күрөшпөй эле, саткындар сатпагандар менен күрөшүп жатат да. Анан мен минтип айтат элем, убагында бир акыныбыз эки сап ыр жазган “Саткандардын арасында болбой, атылгандардын арасында бол” деп. Мына биз саткындардын арасына кошулбайбыз, атсын бизди, атылгандардын арасында болобуз.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: