Экс-президенттин – өзүнүн Базар-Коргондо мас болуп алып бир саат дөөдүрөгөнүндөй, Улуттук филармонияда калжың сөздөрдү айтып, ал жердеги кыз-келиндердин бардыгына тийишкениндей, же эң чоң үстөктүү кредиттерди инвестиция деп тантыраганындай, табакташтары менен кредиттерден ондогон миллиондогон долларларды өөнөп алып, ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат болуп, тергеп-тескөө органдары көзүнө сайып көрсөтүп турса да жанын жеп танып, жалгандарды айтып жатканындай, адеп-ахлакка сыйбаган адаттан тышкаркы, улуттук кызыкчылыктарга доо кетирген окуядай көбүртүп, аны да аракеттеги президентке шылтап жаткандыгы – АШАнын дагы адекваттуу эмес абалына түшүп, саясый маданияттын, адеп-ахлактык норманын чектеринен биротоло чыгып кеткендигин айгинелейт.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ