Menu

Нурбек Дайырбек уулу, ырчы: “Залкар комузчу Карамолдо Орозовдун урпактарынан болом”

Бөлүшүү:

Бир топ жыл мурун ырчы Розв Шакирова менен “Карабачы” деген ырды аткарып, элге таанылган жылдыздуу жигит Нурбек Дайырбек уулу эсиңизде болсо керек. Колунан комузун түшүрбөй ырдап жүргөн мукам аваздуу Нурбек мырза менен учкай маектештик…

—Нурбек мырза, ар бир инсан балалыгын жылуу сезимдер менен жылмайып эстейт эмеспи. Андыктан биз да маегибизди балалыкты эстөө менен баштасак…

—Мен Ысык-Көл облусуна караштуу, Ысык-Көл районунун Корумду айылынын кулуну болом. Окуучулук курактын эстен кеткис жакшы күндөру өткөн, балалыктын издери калган Корумду айылымды эстегенде балалыгым көз алдыма тартылат.

—Канча бир туугансыз жана үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

—Атам Шыйкымбаев Дайырбек кесиби боюнча экономист, бир топ жыл айыл өкмөт болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Апам Мусаева Айнагүл мектепте алгебра-геометрия мугалими, завуч болуп эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан. Бирок, азыр мектепте мугалим тартыш болгондугуна байланыштуу иштеп жүрөт. Үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчисимин. Мирбек деген улуу агам бар. Учурда Чолпон-Атада салык кызматында эмгектенет. Менден кийинки, Чыңгыз деген иним айылдагы үйдө турат. Андан кийин Сайкал, Жибек деген карындаштарым бар. Ал эми өзүмдүн чакан мамлекетим тууралуу айтсам, келинчегим Айжан Сейитгазиева Ысык-Көлдөн болот. Эки эки уулдун ата-энеси болдук. Буюрса, үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз…

—Чыгармачылыкка болгон кызыгууңуз качан пайда болгон, деги эле ырчы болуп калууңузга ким түрткү болду?

-Негизи бала кезимде эле чыгармачылыкка кызыгып, ырдачу элем. Эсимде, 6-класста окуп жургөндөн тартып райондук, облусттук олимпиадаларга катышып жүрдүм. Мактангандай болбоюн, мектепте окуп жургөндө ырдоо, дастан айтуу боюнча беш жыл бою катары менен 1-орунду берген жокмун. Республикага чейин келгенибиз эсимде. Ошентип 11-классты аяктаган соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство унверситетинин студенти болдум. Студент болуп жүргөн «Туңгуч» театрынын кастинги болуп калды. Ага катышып, тандоодон өтүп Асылбек Өзүбеков агай жетектеген чыгармачыл топ менен 5 жыл удаа эмгектенип, элибизге белгилүү агай-эжейлерден тарбия алганыма сүйүнөм. Андан соң өз алдынча аракет кылып, ырчылыктын чыйыр жолунда эмгектенип келе жатам. Кудайга шүгүр, элимдин колдоосу менен аздыр-көптүр атым таанылып калды дегендей…

—Сизди ырчы катары Роза Шакирова менен «Карабачы» деген чыгарманы дуэт ырдап чыкканыңызда тааныдык эле. Ушул ырды сиздин чыгармачыдык даңгыр жолуңуздун башаты десек жаңылышпайбызбы?

—Ооба, сиз айткандай мындан 14 жыл мурун Роза экөөбүз сөзү, обону Чынара Сейитбурхановага таандык «Карабачы» аттуу ырды ырдап чыгып эл көзүнө көрүндүм. Ага чейин филармонияга, башка жерлерде аткаруучу катары ырдап чыкканым менен жеке ырчы катары тушоом «Карабачы» ыры менен кесилип, чоң сахнага кадам таштагам десем туура болчудай. Дуэтке ылайыктуу жакшы ыр тапсак Роза экөөбүз дагы ырдап чыксакпы деген ойлор бар.

—Азыркы учурда популярдуу болуп жаткан ырлардын текстине, маанисине кандай көз караштасыз?

—Эми кандай десем, кимдир бирөөлөрдүн ырын сындагандан алысмын, дегеним ар бир ырчы өзү аткарган чыгарма үчүн жооп бергени жакшы го. Өзүм аткарып жүргөн чыгармаларым тууралуу айтсам ырдын маани-маңызына, аны менен бирге лирикалуу ырларга көбүрөөк басым жасап келдим. Анткен менен мен дагы «заманың бөрү болсо, бөрү бол» деген сыңары тойго ылайыктуу ырларды ырдаганга өтө баштадым. Себеби, азыр элдин табити, каалоосу маанилүү ырларга эмес той ырларына ыктап тургансыйт.

—Ата-энеңиз ыр ышкыбоздорубу?

—Атам дагы, апам дагы жакшы ырдашат. Дагы бир себеп биз залкар комузчу Карамолдо Орозовдун тукумдарынанбыз. Ал киши менин чоң-чоң аталарым болот. Мага өнөр тукум аркылуу келген десем да аша чапкан болбойм.

—Менин жеке байкоомо боюнча ырчы мырзаларга караганда ырчы айымдар менен достук мамиледе окшойсуз?

—Туура баамдагансыз (күлүп). Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Мирбек Иманбеков деген таанымал ырчылар менин группалаштарым. Бирок, эмне себептен экендигин билбеймин, ырчы кыздар менен көбүрөөк байланыш түзөт экенмин. Балким, чыгармачылыктагы баштапкы чөйрөм кыздардын курчоосунда болуп, бара-бара ошол мамилелер сакталып калды окшойт.

—Чыгармачылыкка аралашкандан тартып ушул күнгө чейин кайсы чет өлкөлөрдө болдуңуз?

—«Чү» дегенде эле «Түрксой» аттуу уюм аркылуу Америкага барганымды эстейм. Американын төрт штатында болдум. Түркияда, Башкырстанда, Таиландда жана Казакстанда бир нече ирет болдум. Өзгөчө, комуздун, жандуу үндүн аркасы менен өлкөбүздүн маданиятын чет өлкөлөргө даңазаладык.

Маектешкен: Азима Тынымсейитова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: