Menu

ИИМ министрине карата “милтеге ок коюла” баштадыбы?

Бөлүшүү:

Коомдук пикир деген көпчүлүк учурда калыстыктын таразасы катары кызмат кылат. Дегеним, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди сынга коомчулук алышууда. Чабал иштеп атат, каралар баш көтөрүп ИИМди тоготпой калды деген мааниде. Башка тармагын айтпаганда дагы каралар тууралуу, алардын ички тирешүүсү тууралуу сөз ачык да, тымызын да айтылып жатканы чындык. Ал эми анын баарын ооздуктоого Кашкар мырза аракет көрүп атабы же көз жаздымда калтырып атабы бул башка сөз. Балким, бул жаатта өзү кеп салып берээр. Ал эми жалпы милициянын коомдук тынчтыгын сактоого карата жасап жаткан эмгегин тана албайбыз. Аныгында Жунушалиев министр катары иш алып барып жаткан аракетин көрүп, билип атабыз. Өлкөнү чарк айланып, эл менен жолугуп, кандайдыр бир кырдаалдар жаралса ошол жерге барып дегендей… Албетте, өз деңгээлине жараша. Бирок, ачыгын айтканда көзгө көрүнөөрлүк өзгөрүүнү, демилгелүү аракетти байкай элекпиз. Кашкар Астаканович министр болуп келгенде колдоого алып, ишенич арттык эле, дагы деле жакшы жыйынтык чыгарат деген үмүтүбүз өчө элек…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: