Menu

Рахмон: Орусия Тажикстанга орус тилдүү беш мектеп куруп берет

Бөлүшүү:

Орусияда расмий сапар менен жүргөн Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда эки өлкө Тажикстанда орус тилдүү беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге кол коерун билдирди.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Рахмон долбоор жакынкы убакта ишке ашат деген үмүттө.

Буга чейин Тажикстандагы мектептер негизинен Дүйнөлүк банктын акчасына салынып келген. Бирок 2019-жылдын башында банк жана башка эл аралык донорлор Тажикстанды колдоо программаларын токтотушкан.

Орусия дагы соңку 12 жылдан бери Тажикстан мектептерине жардам берип келет. 2017-жылы өлкөгө 1-11-класстар үчүн орус тилиндеги 60 миң окуу китеби жөнөтүлгөн. Ошол маалда Тажикстанда 31 мектеп орус тилинде билим берген. Китептер орус тилин чет тил катары окуткан тажик мектептерине да таратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: