Menu

Мэр А.Суракматов ДПД тууралуу: мэрия ачык жана шаар тургундарынын кызыкчылыктарын коргойт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-сентябрда 24.kg маалыматтык агенттигинде маалыматка жетүү, сөз эркиндигин жана ЖМК коргоо жана Кыргызстан жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маалыматтык эдвокаси компаниясынын алкагында шаардын деталдуу пландоо долбоору талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Талкууга демилгечи топтордун өкүлдөрү, шаар тургундары, калаа башчысы Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы Рысбай Аматов, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын шаар куруу-долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Назгүл Койбагарова катышты.

Мэр диалогдун катышуучуларына ДПД-бул техникалык документ экендигин, ал имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо негизги талаптарды (тыгыздыгы, функционалдык максаты, башкаруу линиялары, транспорттук жана инженердик инфраструктура) белгилей тургандыгын эскертти. Бул кварталдардагы жана участоктордогу курулуштардын долбоорлорун, архитектуралык-пландоо шарттарын берүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда негизги документ катары кызмат кылат.

ДПД – шаар тургундарынын жер тилкелерин алуу инструменти эмес. Ар бир адамдын жеке менчикке болгон укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана өлкөнүн Жарандык кодекси менен корголот.

«ДПД  шаарда башаламан курулуштар болбошу үчүн керек»,-деди шаар башчысы.

Ошондой эле шаардыктар сейил бактардын сакталышына тынчсызданып жатышты. Калаа башчысы жашыл аймактарды сактоо мэриянын бекем позициясы,  тынчсызданууга негиз жок деп билдирди.

Учурда биз жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин үстүнөн иштеп жатабыз. Бул жерди пайдаланууга уруксат берилгендигин аныктайт жана ДПД менен бирге иштейт.

Калаа башчысы Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына дайым ачык экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландоо долбоору КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планынын негизинде иштелип чыкты.

Деталдуу пландоо долбоору шаар тургундары менен талкууланып, КРнын Өкмөтү, КРнын ЖКнин депутаттары, шаардык кызматтар, коомдук уюмдар, КРнын архитекторлор союзу, ведомстволор аралык комиссия жана шаардык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, бекитилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: