Menu

Питер метросундагы теракт иши боюнча кыргызстандык жаранга издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Москванын Басман соту 16-апрелде Кырызстан жараны Исламбек Тургуновду камоо боюнча сыртынан санкция салды. “Интерфакс” кабарлагандай, ал Петербург метросундагы терактка шектелгендердин бири.

Шектүү Орусияга жеткирилгенден же кармалгандан кийин эки айга камалат. Тургуновго “Террордук уюмга катышуу” беренеси боюнча айып тагылды. Ал эл аралык издөөгө алынды.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгон, андан 16 киши каза таап, жүздөй киши жабыркаган.

Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармалган.

Тергөөнүн версиясына караганда, 22 жаштагы орус жараны Акбаржон Жалилов 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросуна колго жасалган жарылуучу «бомба» алып кирген. Ал Кыргызстанда туулган өзбек улутундагы жигит. Ал бир «бомбаны» метронун платформасына таштаган, бирок ал жарылган эмес. Кийин полиция аны зыянсыздандырган.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Жалилов эки станциянын ортосунда вагондо экинчи «бомбаны» жардырган.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, Аброр Азимов «чабуулду уюштурган» деп аныкталган, ал эми калган 10 киши «ага көмөктөшкөн» деп табылган. Аларга «террордук топко мүчө болгон жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасап саткан» деген кине коюлду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: