Menu

Прокуратура президентке жакшы ат кошчу боло албай жатат

Бөлүшүү:

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдарды атады. Прокуратуранын талдоосу боюнча ички иштер министрлиги жана анын түзүмдөрү, транспорт жана жол министрлиги жана анын түзүмдөрү, мамлекеттик экотехинспекция жана анын түзүмдөрү, саламаттык сактоо министрлиги, билим берүү жана илим министрлиги, мамлекеттик салык кызматы жана мамлекеттик коргоо комитети коррупцияланган. Бул коррупциялык иштерди ачыктоо үчүн иш алып жаткан белгилүү эксперттерге суроо узаттык.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– Башкы прокурор статистика менен алектенбей чара көрбөйбү? Аталган министрликтердеги мыйзам бузууларды 10 жашар баладан 90догу карыларга чейин ачык эле айтып жүрүшпөйбү. Прокуратуранын түздөн-түз кыймыл аракеттеринен азыр мамлекеттин тагдыры чечилүүдө. Прокуратура президентке жакшы ат кошчу боло албай жатат. Бул албетте, өтө өкүнүчтүү!

Билим берүү министрлигиндеги мыйзам бузуучулуктар менен коррупциялык иштерди мен айта берип жаман
көрүнүп бүттүм. Мейли чыдайбыз. Бирок, өсүп келе жаткан жаш муундардын тагдырын ойлоп дагы эле жаным тынбайт. Жаным кейийт. Билим берүү жана илим саясатын түп-тамырынан бери аңтарып түшүп, аны кайра жаратуубуз керек. Башка жол жок. Урпактарга өтө жаман энчи калтырып кетип бара жатабыз!

Мугалимдердин айлыгын үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта көтөрүү боюнча президент жакшы айтты. Уккан мугалим байкуштар жетине албай сүйүнүп жатышат. Бирок, минфин менен билим берүү министрликтери дагы эле уктап жатышкандай. Жогорку трибунадан президенттин билдирген убадасын тиги эргулдар жөн эле формалдуулукка айлантып, желооз отчетторду түзө салышпайбы? Ушул нерсеге кооптонуп турабыз!

Чолпон Орозобекова, Булан институтунун директору:

– Билим министрлигин эң коррупцияланышкан катары биринчи орунга коё албайм. Себеби, азыркы учурда баардык тармактарда эле коррупция күчөдү. Бирок билим берүү министрлигиндеги эки маселени баса белгилеп койгум келет. Биринчиден, окуу китептерин чыгаруудагы алешемдиктердин, коррупциялык схемалардын айынан китептер сапатсыз чыгып жатат. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, канча деген миллиондогон сомго эч кандай кереги жок китептер чыгарылып, бюджетке залакасы тийгендиги жарыяланып, кылмыш иши козголду. Ушул коррупциялык схеманын айынан окуу китептери мыкты авторлорго тийбейт. Авторлорду тандаганда дагы баягы эле тааныш-билиштик орун алып кетет. Экинчиден, ошол эле китептерди чыгарууда ошол эле басмакана, басмаканадан чыккан сапатты ордуна коё албай келишет. Тендер жарыялап, тендерде болсо туура эмес талаптар коюлуп, жергиликтүү басмаканаларга ылайыкташкан багыттарды коё алышпай, аягында жергиликтүү басмаканалар сүрүлүп чыгып калат дагы, окуу китептери басылууга Индияга чейин кетип жатат. Индиядан барып басылып келет. Ал жактан басылып келген китептерди Бишкектеги эле басмаканалар сапаттуу чыгарганга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Ошол жакка жөнөтүп, кайра ташып келүүнүн ордунда канча деген акчалар үнөм болмок.

Үчүнчүдөн, билим берүү министрлиги мектепке ата-энелерден акча чогултканын токтото албай койду. «Мектептин бюджеттен жана бюджеттен сырткаркы каржыланышы» деп чоң изилдөө жарыялаганбыз. Ал изилдөөдө баардык булактарды анализдеп чыкканбыз. Айрыкча шаардагы алдыңкы мектептерде тынбай акча чогултушат. Бир жылда миллиондогон сомдор чогулат экен. Акча мектеп жетекчилигинин колунда болуп жатат дагы, эч кандай ачыктык жок. Ал акчалардын кайда кетип жатканы, эмне болуп жатканы белгисиз. Буга чейин бир топ мектеп директорлоруна канча деген кылмыш иштери козголду. Ата-энелердин акчасын чогултуп, чөнтөгүнө салып койгон учурлар кездешип, бирок кайра эле тааныш-билиштик болуп, директорлор кылмыш иштеринен кутулуп кетип жатышат. Бул жерде да өзүнчө чоң схема жатат. Мектеп директорлору жыйырма жылдап ордунда отуруп ар кимисинин өз колдоочулары болуп, ордунан кетпейт. Ошентип эле баягы бирин-бири байыткан, бирин-бири колдогон система орноп калды. Ошондуктан мектеп директорлору ротация болуш керек. Жок дегенде беш жылда бир алмашыш керек да. Ал деле аткарылган жок. «Мектептеги акча чогултууларды токтотуш керек» десек дагы деле аткарылмак турсун күчөп жатат.

Аида Исмаилова, ЖК депутаты:

– Мен эки жылдан бери 2016-2018-жылга чейин саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупциялык схемалар жана мыйзамсыз иштөө боюнча иш жүргүзүп, ошонун баарын ачыкка чыгарганбыз. Жумушчу топ биздин комитеттин чечими менен түзүлүп, мен жумушчу топтун төрайымы болуп шайлангам. Биз атайын справка даярдаганбыз, анын ичине мыйзамсыз коррупциялык иштердин баары киргизилген. Справканын негизинде комитеттин чечимин күч органдарына жана өкмөткө жибергенбиз. Андан бери эки жылдай убакыт артга калды. Бирок, эки жылдан бери эч жылыш болгон жок. Эми гана кичине кыймыл болуп, гемодиализ боюнча кылмыш иши козголду. Башка иштер да каралып баштады. 2018-жылдын 16-апрелинде бул справканы комитетке алып чыкканбыз. Ошол убакыттан бери бир эле иш козголду. Бул справкага аябай көп көйгөйлөр камтылган. Справкабыз жүз баракча болгон. Айрымдарына токтолсом, кадрдык маселелер, саламаттык сактоо системасында болгон баардык мыйзамсыз сатып алуулар. Булар «тез жардамдар», ангиографтар, гемодиализ боюнча перинаталдык борбордун курулушу жөнүндө айтсам болот. Бул справкалардын жөнөтүлгөнүнө бир топ убакыт болду. Бирок, өкмөт эмне кылып жатканын билбейм. Ал тармактын оңдолушунун 70%ы менин талабым менен ишке ашты. Эң негизги көйгөйлөр каралбай калып жатат. Анткени бул көйгөйлөр оңдолуп кетсе эле коррупциялык элементтер жок болушу мүмкүн. Иштин башында тургандардан бери жеп-ичип көнүп калышкан. Оңдоого сонун мүмкүнчүлүктөр болгону менен иш жылбай жатат. Бул бири-бирине чырмалышкан коррупциялык схема.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: