Menu

Текебаевге, Чотоновго, Жапаровго боштондук! Атамбаевди камакка!..

Бөлүшүү:

23-апрелде Бишкектин эски аянтында абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун, коомдук ишмер Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары чогулушту. Алар соттун бул иштерди акыйкат кароосун жана саясатчыларды боштондукка чыгаруусун талап кылышты.

Жогорку сот ушул күнү Садыр Жапаровдун ишин Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясынын күчүнө киргенине байланыштуу кайра карамай болгон. Экс-депутаттын адвокаттары кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу анын ишин жаптырууга аракет кылышууда.

“Ата-мекенчилер” митингге кызыл кол чатыр көтөрүп келишти. Партиянын парламенттеги фракциясынын депутаты Наталья Никитенко аталган саясатчылардын кылмыш иши кайра каралышы керектигин, анткени тагылган айыптардын бардыгы жасалма, ойдон чыгарылганын белгиледи.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргымбаев: “Саясатчылардын кылмыш жоопкерчилигине тартылып, куугунтукка кабылуусуна экс-президент Атамбаев, УКМКнын жана Башкы прокуратуранын мурдагы жетекчилери Индира Жолдубаева менен Абдил Сегизбаев күнөөлүү”,- деди. Аргымбаев бул аталган үчөөнүн темир тор артына баруусуна убакыт келип жеткенин белгиледи эле, аны чогулгандар колдоп-коштоп “Атамбаев камалсын!”, “Сегизбаев камалсын!”, “Жолдубаева камалсын!”- деп кыйкырышты.

Экс-премьер-министр Темир Сариев да митингге келди. Ал Текебаевдин, Чотоновдун жана Жапаровдун соту одоно процессуалдык эреже бузуулар менен өткөнүн айтты: “Соттолуучулардын адвокаттары алардын айыбы жоктугун тастыктаган бардык далилдерди көрсөтүштү, бирок сот аларды эсепке албады. Текебаев менен Чотоновдун ишинде эл аралык аферисттин жалган көрсөтмөсүн пайдаланышты. Садыр Жапаровдун болсо ишинде жада калса жабырлануучу да жок”.

Анын айтканы чогулгандарга майдай жакты. Эски аянтты “Боштондук, боштондук!” – деген кыйкырыктар каптады.

Митинг учурунда провокацияга да орун табылды. Депутат Каныбек Иманалиев сүйлөп жатканда чогулгандардын арасынан: “Бул жер сага Жогорку Кеңеш эмес! Сен парламентте сүйлө, митингде биздей карапайым адамдар сүйлөйт!”- деп кыйкыргандар табылды. Аны ошол замат көпчүлүктүн арасынан таап, алыска “узатып” салышты, анткени уюштуруучулар антип кыйкыргандарды “провокаторлор” деп таанышты.

Садыр Жапаров соттун өкүмү менен 11,6 жылга эркинен ажыратылган. Ага “адамды барымтага алуу” беренесинин негизинде айып тагылган. 23-апрелдеги соту кийинкиге жылдырылды. Анткени, анын адвокаттары судья Лепес Темирбековго ишеним көрсөтпөө жарыяланып, Жогорку соттун соттук коллегиясы бул өтүнүчтү орундатты. Кийинки отурум башка судьянын жетекчилигинин алдында өтөт.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов болсо оор берене “коррупция” менен айыпталышкан. Алар ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланууга да чечим чыккан. Бардык инстанциядагы соттор аларды айыптуу деп табышкан. Бирок, орус ишкери Маевскийдин Россияда көз боемочулукка шектелип камакка алынышы саясатчынын ишиндеги жаңы жагдай катары таанылып, анын кылмыш иши кайра кароо талабы коюлган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: