Menu

Бишкек мэриясындагы тендер былыктары. Суракматов, Койчубаковдорду кой деген кожо жокпу?

Бөлүшүү:

Тендер маселесине байланыштуу кыргызда: “Тендер – теңин бер” – деген жакшы сөз бар. Бул сөздү иш жүзүндө далай эле көрүп, угуп келатабыз. Кыргызстандын жүрөгү болгон Бишкек мэриясындагы тендерлердин баары болбосо да көбү көмүскө көшөгө артында миллиондорду сол чөнтөккө соломой операциясы менен аяктап, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Бул тендер балакети менен буга чейин айрым мэрлер сополуп, кылмыш жообуна тартылышты. Азыркы мэр Суракматов, анын жан-жөкөрлөрү Нурлан Койчубаков дегендер деле тендерди өткөрүү иштеринде “кол ийрисине тартат” кылышып, кой десе болбой абакка “жолдомо” бере турган жосунсуз иштерди жорголотуп жасап жатышканы ачыкка чыга баштады. Эми буга жетиштүү далилдерди тизмектеп берели.

Кытайлык компаниянын жеңишин тартып алышты

Маалым болгондой, Бишкек мэриясы 8-апрелде “Электронное билетирование” деп аталган тендердин экинчи этабын өткөрдү. Бул деген эл бара-бара шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет-карточка сатып алып, ошол боюнча жол кире төлөп калышат дегенди түшүндүрөт. Мына ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге (экинчи этапта) үч компания катышып, бардык талаптар боюнча кытайлык “Шанхай Шенту” компаниясы башка компаниялардан төмөн бааны, тактап айтканда бир билет-карточка учүн 0, 52 сом сунуштаган. Ошондой эле кепилдик катары 150 миң долларды мэриянын Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын эсебине алдына-ала которуп берген экен. Бирок мэрия болбогон шылтоолор менен аталган компанияны четке сүрүп, 0, 70 цент сунуштаган Швейцариялык «BPC Banking Technologies» компаниясын жеңүүчү кылып койду. Анын үстүнө швейцариялык компания мэрияга кепилдик катары алдын-ала акча которгон эмес. Тендерге катышкан үчүнчү компания орусиялык “Золотая корона”. Ал бир билет-карточка үчүн 0.88 сом сунуштаган. “ВРС Banking Technologies” компаниясы мэр Суракматов менен Койчубаковго эмнеси менен жакты? Балким, капчыктарын калыңдатып, абдан “ысыткан” чыгаар. Биздин чоңдор “кур аякка бата жүрбөйт” деген сөздү жашоосундагы башкы ураан кылып келатышканы жалганбы?

0.49 деп оңдошуп, 150 миң долларды кайтарып бербей…

Мэрия кийин нааразычылык чыкпасын деген ниетте, өздөрүнүн сайтындагы 0.70 сом деп көрсөтүлгөн бааны оңдоп-түздөп, -0,49 сом деп оңдоп жазып коюшкан. Бирок тендерде өткөрүлгөн убакыттагы биринчи протоколдо 0.70 болуп жазылып калганын кайда катышат? Документти кийин каалашынча оңдошкону менен протоколдогу негизги түп нускасы калып калып жатпайбы. Негизи бул компания швейцариялык деп аталганы менен түбү орустардыкы экени айтылууда.

Бул чуулгандуу тендерди мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорт ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков өткөрүп, болушунча чалмакейди чалгандыгы ачыкка чыгып калды. Койчубаковду бул кызмтка өткөн жылдын ноябрь айында эле мэр Суракматов дайындаган. Көрсө экөө курсташ, жан бирге достордон экен. Суракматов бул тендерге кийлигишкеним жок дегенсип, досу Койчубаковду жоопкер кылып койгон.

Дагы бир кызыгы Койчубаков “Шанхай-Шанту” компаниясынын РСК банкы аркылуу которгон 150 миң долларын аталган компанияга мыйзамда көрсөтүлгөндөй 3 күндүн ичинде которуп бербей, 15 күндөн ашуун өзү жетектеген ишкананын эсебинде катып жатыптыр. Эмнеге? – Суракматов менен Койчубаков, кытайлык компаниянынын жеңишин тартып алганы аз келгенсип, алардын 150 миң доллары менен 15 күн бизнес жасаштыбы? Же “чотур” сындырып калалы деп чокчоңдоштубу? Бишкек мэриясынын тендердеги мындай былыктары ЖМКларга көп эле чыгып жатат. Парламент, Өкмөт, Президенттик аппарат, УКМК, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы, айтор баары эң сонун билет. Бирок тиешелүү чара көрүлбөй жатканында бир мандем бар. Президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш ийгиликтүү жүрүп жатат дегени менен, көз көрүнөө мындай мыйзам бузуулар, баягы эле “теңин бер тендерлери” минтип ийгиликтүү өтүп жатканын кандай түшүнөбүз? Мындай темп менен кете берсек бизге кайдан инвесторлор келет?

Койчубаковдун “кокуй” иштери толтура

Деги эле Койчубаков деген неме жасаган былык иштерине жараша, көптөн бери “баскан жерине чөп чыкпаган куураткырлардын бири катары сыпатталып келет.

Эл унутуп калбаса эске сала кетели, бул адам Бакиевдердин коюн-колтугуна кирип, 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. “Акжолчулар” кыргыздын кымбат жери “Каркыраны” казактарга карматып жиберишкени баарыбызга маалым. Койчубаков мына ошол чыккынчылык ишке чоң салым кошкон чоңдордун бири. Депутат болуп турган кезде, жол тандабас унаасынын терезелерин караңгылатып алган үчүн МАИ кызматкери тоскон учурда, ага мандатына таянып адамгерчиликсиз сапатын көрсөтүп сөгүп-сагып олтуруп, өз милдетин так аткарып жаткан МАИ кызматкерин кызматтан айдатып жиберген. Ал эми парламенттик комитет Койчубаковдун административдик кодексти бузганын тастыктап, аны күнөөлүү деп тапкан. Бир сөз менен айтканда Койчубаковдун бейнеси ушундай. Дагы элге жете элек далай былыктары бар. Маселен, ал өзүнүн компаниялары менен бир катар министрликтер өткөргөн тендерлерге катышып, “бармак басты, көз жумду” иштерди ийгиликтүү ишке ашырып келген экен. Ал тургай андай иштер боюнча козголгон кылмыш иштери укук коргоо органдарында “катылып” тургандыгы айтылууда. Биз жакында анын мындай былыктарын да ачыктаганга аракет кылабыз…

Жангороз Эсенгелдиев

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: