Menu

Эдил Байсалов экс-премьерлер Ж. Оторбаев менен С.Исаковдун пресс-катчысы Гүлнара Торалиеванын жазгандарынан ондогон грамматикалык каталарды таап чыгып, уят кылды

Бөлүшүү:

24-апрель күнү кадыр-барктуу “Сорос-Кыргызстан” фонду  Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын коомго таасирин, ММКларды каржылоонун булактарын иликтеген “Матрица медиавлияния” аталыштагы эксперттик изилдөөсүн өзүнүн сайтында жарыялады.

Ал изилдөөнү Twitter  социалдык тармагында 58 миңден ашык катталган окурманы бар коомдук ишмер, блогер Эдил Байсалов алгач мактап келатып эле, анан ар бир барактан ондогон грамматикалык жана орфографиялыяк одоно каталарды таап, ал аз келгенсип, изилдөөдө эки жыл мурунку, 2017-жылдагы эски маалыматтардын пайдаланганын айтып, мазмуну боюнча эмгек “халтура ” деп атап, мындай “халтурага” канча миңдеген акча төлөгөн “Сорос-Кыргызстан” фондун жемелеп кирди.

Көрсө бул көлөмдүү “эмгекти” бир кездеги атамекенчи премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен Алмаз Атамбаевдин сүймөнчүгү, экс-премьер Сапар Исаковдун пресс-катчысы, азыр айрым бейөкмөт уюмдар медиаэксперт атап жүргөн Гүлнура Торалиева жазган экен.

““Матрица медиавлияния” деп апырта аталган эмгекти окуп чыктым. Халтуранын мыктысы экен. Каратып туруп калп айтышканына таң каласын: Yotube социалдык тармагындагы видеолорду азыр Кыргызстанда эки эсе аз көрүп калышкан имиш. Бирок андан бир нече барак мурун эле авторлор Yotube Кыргызстанда N1- биринчи социалдык тармак деп жазып жатышат. “Сорос-Кыргызстан” жана башкалар өзүңөр бул халтураны жакшылап окуп көргүлө, уяттан бетиңер кызарат болуш керек. Автор өзүнүн ой-жүгүртүүлөрүн факт катары берип, Асылбек Жээнбековду кыргыз медиасына таасир берүү боюнча эң башкы фигура катары атаганын сөз кылбай эле коёлу, бирок эмгектин ар бир барагында ондогон грамматикалык жана орфографиялык каталарды эмне кылабыз! “Сорос-Кыргызстан” бул халтурага канча акча жана эмнеси үчүн төлөдүңөр, 2017-жылдын маалыматтарына таянган бул изилдөөдөн биз жаңы эмнени биле алдык?” – деп жазды Эдил Байсалов.

Эдил Байсаловдун сынынан кийин “Сорос-Кыргызстан” фонду Гүлнара Торалиеванын “Матрица медиавлияние” аталыштагы эмгегин өзүнүн сайтынан алып салды.

Эдил Байсалов “Сорос-Кыргызстан” фондусунун сайтынан алып мисал келтирген Гулнура Торалиеванын “Матрица медиавлияния” аталыштагы эмгегинин скриншоттолгон бир барагы.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: