Menu

Балык башы, баягы эле байлар

Бөлүшүү:

Казынабызды жарды деп салыктын түрүн көбөйткөнүбүз менен жыртык тепшиси менен олтурган элдин энчисинен эч эле жыргап кеткенибиз жок.

Жол эрежелерине айып пулду көбөйтөбүз деп, аныбыздан да бактыбыз тоодой болгон жок. Арты акыры аңга түртөөр долбоорго айланып баратат. Ачык айталы, нааразы тарап толтура. Түкүрүктөн түшкөн пайданы санагандан уялып калдык. Балээнин баары кайда жатканын кана эмесе көрүп алгыла. Өлкөнүн салык кызматы өлкөдө ири суммадагы карызы бар, башкача айтканда салык төлөбөй жүргөн жарандардын жана компаниялардын тизмесин жарыя кылды. Маалыматка караганда, учурда өлкөдө 542 миллион 865,8
миң сомдук салык өндүрүлбөй туруптур. Салыктан качкандардын сап башына 90,5 миллион сом карызы менен Олег Попиков жетектеген “Бишкек машина куруу заводу” ААКсы турса, Атай Асылбеков жетектеген “Кыргызтелеком” ишканасынын 67,1 миллион сомдук карызы бар. Ал эми Бактыбек Турдубеков башкарган “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы 75,3 миллион сом салык төлөгөн эмес. Ош шаарындагы акимдердин байлыктары бажырайып маалымат бетин бербей жатат. Анан эле элге кастарын тиккенибиз кандай? Мурдагы бийликтин тушунда деле миллиондогон карыздарын бербей, көп жылдан бери качып жүргөн пансионат ээлеринин аттарын айрымдар али унутпаса керек. Алардын катарына учурда абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов дагы 1,8 миллион сом салык төлөбөй жүргөнү көрсөтүлгөн болчу. Азыр деле мындай “балык баштардан” куру эмеспиз. Гезит бети чак келбейт го, чиркин.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: