Menu

Бутага алынган Атамбаевдер

Бөлүшүү:

Былтыртан бери карай бутага айланган мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди “оор куралдар” менен тынбай аткылап келатышат. Өч алгысы келгендер-туура эмес кыймылы аркылуу камалып чыккандар, дагы деле темир тор артында отургандар, кезинде тумшукка жеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана азыркы бийликтин лөктөрү.

Башында кыйла кунары уча түшкөн Атамбаев күндөн-күнгө кайратына келип, чыйрала баштаганы тигилердин ого бетер жинин кашайтып жатат. Түрмөнүн боткосуна “семиргендер” болсо эркиндик алышкан соң орун даярдап коюшканын айтып, Атамбаевдин нервине тийип турушкан кези. Бирок, буга окшогон чабуулдардан ийгиликтүү чыгып жүргөн Алмазбек мырза дале болсо тизгинди колуна алар күнүнө чоң ишеним артканы байкалат. Кантсе да асылгандарга салыштырмалуу артында колдоочулары, калтасындагы каражаты атаандаштарыныкынан калыңыраак экени айныксыз.

Негизинде башка Атамбаевдер да даңазалуу болуп жатканы талашсыз. Маселен, Керим Атамбаев жакында “Улуу Журт” партиясынын баштыгы болуп шайланды. Эгерде капчыгында сокур тыйыны болбосо аны эстеп да коюшмак эмес, туурабы? Колу майлуу экен аны айланчыктап жүргөндөрдүн этеги куйрукка чыланып калууда. Дагы бир Жалил Атамбаев деген көпөс болсо катылгандардын баарын өпкөсүн үзүүгө жарайм деп сес көрсөтүүдө. Көрсө байбача Салимбай менен абдан ынак экен. Чамасы ошого таянып “көзүр туздай” болгусу келет окшойт. Акыйкатта эле биздеги абалга саресеп салсак байлардын оозу кыйшык болсо да айтканы орундалып калганы көпчүлүктү түйшөлтпөй койбойт. Эгерде эле “Азаттыктын” кабарчысы Исаков Ыдырыстын белин сындырса анда маалыматтын камчысын чапкандар калыстыктын жок экендигине баш ийиши зарыл болуп калат. Дегинкисинде биздин соттордон ар кандай “сүйрүприздерди” күтсө болот. Алар сенин тазалыгыңа эмес тигинин капчыгына көзүн акшыйтышаары калетсиз. Демек, абийири таза соттордун жаралышын көпкө күтүп калабыз го?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: