Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети журналист Ыдырыс Исаковду колдоого үндөйт

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековго

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага

Кайрылуу

Урматтуу президент, урматтуу Жогорку соттун төрайымы!

Жакында, 29-апрелде, Ош шаарында Жалил Атамбаев аттуу ишкер «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берди. Мурда милициянын полковниги болуп иштеген Жалил Атамбаев доосун Ош шаардык сотуна тапшырып, Исаковдон 50 миллион сом талап кылды.

Сотко берүүгө журналисттин 17-апрелде жарыяланган видеоиликтөөсү себеп болгон. Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» деген иликтөөсүндө – көмүскө экономиканын айынан мамлекет казынасына жыл сайын 40 млрд сом түшпөй жатканы баяндалып, Жалил Атамбаевдин мисалы жана анын күмөндүү схемалары келтирилет.

Исаков менен кошо – ага маалымат берген Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновду да сотко берип, Жалил Атамбаев алардын ар биринен беш миллион сомдон талап кылган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, урматтуу сот бийлигинин башчысы! Иликтөөчү журналистика – кооптуу жана тобокелдүү, бирок, аны менен катар, коомго абадай керектүү аракет экенин эске алып, коррупцияга каршы таймашта так ушул иликтөөчү журналисттер жеке тагдырын тоболкелге салып, коркутууларга дуушар болгонуна карабай, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын эске алып, журналист Ыдырыс Исаковду колдооңорду суранабыз.

Иликтөөчү журналисттердин өмүрү жана ден соолугу, үй-бүлөлүк коопсуздугу, биздей коррупцияга малынган өлкөлөрдө абдан аярлуу жана коом үчүн каухардай баалуу. Ыраматылык Улан Эгизбаев да, ушул сыяктуу материалдарды коомго алып чыкканда капилеттен каза болгону эл арасында орчундуу шек жараткан.

Эгер бул иште силер Ыдырыс Исаковду колдосоңор, силер жеке аны гана эмес, бүтүндөй сөз эркиндигин жана иликтөөчү журналистиканын принциптерин колдогон болосуңар, демек, элдин пайдасына, өзүңөрдүн жана урпактарыңардын келечеги үчүн иштеген болосунар.

Урматтоо менен,

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: