Menu

Киевде “Настоящее Времянын” кабарчысы жарадар болду

Бөлүшүү:

5-май күнү кечинде Киевде “Настоящее Время” телеканалынын кабарчысы Владимир Рунецке ок тийип, жаракат алды. Донбасстагы согуштук аракеттердин ардагери журналистти бутка атып жиберген – Рунецке операция жасалды.

Азыр анын өмүрүнө коркунучу жаралган жок, бирок дагы эки жолу операция болот.

Ок чыгарган киши – украин армиясынын ыктыярчысы, 45 жаштагы Владимир Регеша. Ал журналисттин таанышына акча карыз болгон жана аны ырааттуу түрдө коркутуп турган. 5-май күнү кечинде ал кабарчы жана анын тааныш кызы отурган пабга келген.

“Акчанын ордуна пистолетин алып чыгып, асманга ок атып, аны өлтүрөм деп коркутту. Пистолети иштебей калды, анан ал багаждан винтовка алып чыгып, кафеде отургандарды мээледи”, – деди Рунец.

Рунец кишинин куралын алууга аракет жасаган, ошол маалда бутуна ок тийген. Регеша окуя болгон жерден качып кеткен, бирок кийин полицияга өзү келген.

ИИМ “Курал-жарак колдонуу менен бейбаштык жасоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Күнөөсү далилденсе, ал үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Владимир Рунец – белгилүү украин журналисти, аскер кабарчысы, Донбасстагы уруш жүрүп жаткан аймакта бир нече жолу болгон. “Настоящее Время” телеканалында 2017-жылдан бери иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: