Социалдык өнүктүрүү министрлигинин быйыл, 1 -майга карата берген маалыматы боюнча, жалпы өлкө боюнча Экинчи Дүйнөлүк согуштун 344 ардагери жашайт. Анын ичинен 86сы согуштун майыбы, 217си катышуучулары, 17си концлагердин жашы жете элек туткундары, 24 ардагер Ленинград блокадачылары. Президенттин 30-апрелдеги Жарлыгы менен Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына быйыл 9-майда согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына жана Ленинград блокадачыларына президенттин резервдик фондунан 20 миң сомдон төлөнүп берилет.
Согуш ардагерлеринен тышкары Кыргызстанда тылда иштеген 2123 адам, төрт жумушчу батальондун мүчөсү бар. Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын берилүүчү жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация төлөнөт:
– Согуштун майыптарына жана катышуучуларына, Ленинград блокадачыларына жана концлагердин жашы жете элек туткундарына- 7000 сомдон ;
-Майыптуулугу бар тылдын эмгекчилерине жана жумушчу батальон мүчөлөрүнө — 2000 сомдон;
-Ата Мекендик согушта жакынын жоготкон үй-бүлөлөргө — 1000 сомдон;
Мындан тышкары согуштун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары Кыргызстандын президентинин өмүр бою берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендиясын ай сайын алышат.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ