Ош шаарында өзү кыйган дарактын алдында калган киши каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя Ош шаарындагы Амир-Темир конушунда болгон.
Каза болгон 35 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жабырланган жаран ошол замат каза болгонун аныкташкан. Ал өз үйүндөгү бактарды кыйып жаткан. Бул окуя кокусунан болгон.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ