Menu

Футбол: Кыргызстан жаштар тандалма командасынын атаандаштары аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандыктар (U-19) Азия чемпионатынын мыктыларды тандоо турунда Иран, БАЭ жана Непал менен ойнойт.

Футбол боюнча Кыргызстандын 19 жашка чейинки тандалма командасы 2020-жылдын Азия чемпионатына мыктыларды тандоо мелдештеринде «Д” тайпасында Иран, Бириккен Араб Эмираты жана Непал менен күч сынашат.

Жалпысынан Азия континентиндеги 46 жаштар тандалма командасы 11 тайпага бөлүнүп, чукукулак кармоодо Кыргызстан «Д” тайпасына туш келди. Бул тайпанын беттешүүлөрү Иран өлкөсүндө өткөрүлөт. Кыргызстандык жаш футболчулардын негизги атаандаштары Иран жана Бириккен Араб Эмираттары болмокчу.

Мыктыларды тандоо турунун жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигинин финалдык оюндарына 16 курама команда тандалып, иргелет. Алар өз тайпасында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты команда финалдык беттешүүлөргө укук алышат.

Азыркы учурда бул 19 жаш куракта Сауд Арабия өлкөсүнүн жаштар тандалма командасы Азия чемпиону болуп саналат. Топ тоголок дегендей кимдер финалдык беттешүүлөргө жолун ачат, аны алдыдагы оюндар аныктамакчы.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: