– 6 жылдан кийин жанданган Батукаевдин ишинин жыйынтыгы сизди да жоопкерчиликке тарттырып койбойбу?
– Эртеби-кечпи, бул маселе козголмок. Андыктан саясат деп айтуудан алысмын, Прокуратура жөнүндө айтсам, ал сунуш бере турган, же диагноз кое турган, же чечим чыгара турган орган эмес. Ал материалдардын жетиштүүлүгүн, мыйзамдуулугун карайт. Эгерде бир нече медкомиссиянын корутундусунун негизинде жаза аткаруу мекемесинен сотко сунуш түшүп жатса, прокуратурада каршылык көрсөтүүгө эч негиз жок. Менин оюм боюнча, эгерде бүгүн Батукаевдин дени сак болуп, аны тастыктай турган документтер бар болгондо гана врачтарды “орулуу деп туура эмес корутунду бергенсиңер” деп жоопкерчиликке тартса болот.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ