Menu

Видео – Табылды Акеров: “Премьер Абылгазиев Нарындыктар менен Кочкорлук жердештерин чоң кызматтарга жайгаштыруу менен алек болуп, өкмөт эмес эле “отдел кадр” болуп алды”

Бөлүшүү:

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туура эмес кадр саясатын жүргүзүп жатканы элге байкала баштады. Бул өзү мурда эле байкалган, бирок коомчулук, эксперттик коомчулук премьер-министрге карт-бланш берип, экономиканы көтөрөбү, демилгелерди алып чыгабы деп көп нерселерди айтпай келген”, – деп билдирди бүгүн, 17-майда саясат таанучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандарынын айланасында чыккан чууну комментарийлеп жатып.

“Мына, депутаттар анын бажасы Рысалиев жана анын баласы жөнүндөгү чууну алып чыгышпадыбы, андан башка да туугандарын, бир туугандарын чоң-чоң кызматтарга алып баргандыгы мурда эле белгилүү болчу. Мисалы премьердин бир тууган агасын Илимдер академиясынын Философия институтуна директордун милдетин аткаруучу кылып дайындап коюшкан. Бирок ал шайлоодон өтпөй калса да “өткөрүп” бересиңер деп басым жасап жатканы айтылып келатат. “Бишкекгазда” Абылгазиев деген бир тууган иниси директордун орун басары болуп дайындалыптыр, дагы башка Абылгазиевдер бир топ кызматтарга орношту. Премьер Абылгазиев кызматка алганда дагы жердештик жактан же болбосо бир тууган, туугандык жактан карап алгандыгынын далили катары, мына, Саламаттыкты сактоо министрлигине Абылгазиев деген эле инисин бир дары-дармектер боюнча департаменттин директорлугуна дайындашты. Жердештери же Нарындыктар, Кочкорлуктар кызматтарга коюлууда, мисалы, Дүйшөн Рысалиевди Бишкек СЭЗге бекитти, “Манас” аэропортуна президент болуп Нурлан Акматов дайындалды. Ушинтип ар кайсы жерлерде жердештери же туугандары кызмат алып олтурушат да. Албетте бул туура эмес, муну парламент териштирип, бир чечимге келип, баасын берип, сөзсүз түрдө жазалоо керек. Президенттик аппарат мурдагыдай өкмөттүн ишине кийлигишпей эркин койгондуктан, өкмөт өзүн эркин сезип, тууган-уругун, жердештерин ара кайсы кызматтарга орноштуруп, канатын жайып, баягы эски Акаев менен Бакиев учурундагыдай абалга өтүп кетти. Экономиканы көтөрөйүн, демилгелер менен чыгайын дегендин ордуна кызматтар менен алек болууда. Президент коррупция менен жакшы иштеп жатат, УКМК Илмияновду Москвадан алып келди, Адамкул Жунусовду Бакудан алып келди… “, – деди Табылды Акеров.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: