Menu

Президентке кайрылуу – “Дыйкан” базарын күч менен жапкан Албек Ибраимовдун баскынчылыгына качан көңүл бурасыз?..

Бөлүшүү:

Эки жыл мурун бийлик жакшынакай иштеп, мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөп пайда келтирип жаткан «Дыйкан» муниципалдык базарын күчкө салып жапкан. Бул баскынчылык иштин башында учурда коррупцияга шектелип абакта отурган Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Албек Ибраимов турган. Ленин районунун акими Нурдин Тынаев дагы бул иштен алыс эмес. Боткону чогуу чалышкан. Мына андан бери эки жылга аяк басты. Ал жерде иштеген 700дөн ашык соода-сатык жүргүзгөн ишкерлер көчөдө калышты. Жогорку Кеңештин Транспорт, курулуш, архитектура боюнча тармактык комитети «Дыйкан» базарын калыбына келтирүү боюнча токтом токуп Өкмөткө, тиешелүү органдарга табыштаган. Бирок жыйынтык жок. Баскынчылык ишке жооп берчүлөрдүн кылы кыйшайбай жүрүшөт. Ишсиз калган элдин тагдыры, мамлекетке түшпөй калган миллиондогон сом зыянга башын ооруткан жан жок. Бул ишти президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө алып тапшырма бербесе ордунан жылбайт өңдөнөт. Мыйзамды сактоо зарылдыгын талап кылып жаткан өлкө башчысы иши жок отурган 700 адамдын тагдырына кайдигер карабай «Дыйкан» базарын күч менен жапкан баскынчылыкка көз кырын салып, маселени адилет чечип бериши күндүн талабы болуп турат…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: