Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европалык жана америкалык жаш лидерлер конференциясынын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү. Конференция германиялык «Global Bridges» уюму тарабынан жыл сайын дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүндө өткөрүлүп турат.
Бул иш-чарага 25-35-жаштагы саясат, экономика, илим жана массалык маалымдоо каражаттары тармагындагы Европа өлкөлөрүнөн, АКШ жана Россия Федерациясынан келген 45 лидер жаштар катышып жатат. Алардын ичинде парламенттин депутаттары, мамлекеттик жана башка уюмдардын өкүлдөрү бар.
Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев өз сөзүндө конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынданы азыркы учурдагы өнүгүшү, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана ишке ашырылып жаткан реформалар тууралуу жана ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын приоритеттүү багыттары жана регионалдык кызматташуу жөнүндө маалымат берди. Сөзүнүн аягында ал конференциянын катышуучуларынын кеңири суроолоруна тийиштүү жоопторду берди. Министрдин биринчи орун басары конференциянын катышуучуларына Кыргызстанга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана конференциянын ишине ийгилик каалады. Конференция 22-майга чейин болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ