2019-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков түрк маданиятынын ТҮРКСОЙ эл аралык Уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолукту.
КР Тышкы саясат ведомствосунун башчысы мамлекеттер ортосунда боордоштук мамилелерди бекемдеп, түрк элдеринин арасында маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтип жаткан ТҮРКСОЙдун өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
2019-жылы ТҮРКСОЙ тарабынан Ош шаарын түрк маданиятынын борбору деп жарыялоону ишке ашыруунун жүрүшүн тараптар канааттануу менен баса белгилешти. Мындан улам Ош шаарында бир катар эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүнү кубатташты.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, ушул жылга карата пландар белгиленди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ