Menu

ИИМ: Акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартип камсыздалат

Бөлүшүү:

2019-жылдын 25-май күнү республиканын жалпы билим берүү мекемелеринде  9чу  жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чаралары өткөрүлөт, бул иш-чаралар республиканын 2 миң 262 мектебинде өтүп, ага 95 миңден ашуун 9-класстын окуучулары жана 61 миңден ашуун 11-класстын окуучулары катышат.

Акыркы коңгуроого арналган иш-чараларын өткөрүүдө коомдук тартипти жана катышуучулардын коопсуздугун өз деңгээлинде камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин буюрмасы чыгарылган.Окуу жылдын аякташына  байланыштуу, коомдук  тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралардын кенен мерчеми түзүлүп,  республикалык  ички иштер органдарынын  2262  кызматкери  бул иш- чаралар  учурунда коомдук тартипти сактоого тартылат, ошондой эле 2019-жылдын 25-май күнү республиканын аймагында 3977 кызматкер кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Республиканын аймагындагы баардык жалпы билим берүү мекемелеринде салтанаттуу иш-чаралар аяктагандан кийин, коомдук эс алуу жайларда, парктарда республиканын ИИОнын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча  иш алып барышат, аны менен бирге республиканын  ички иштер башкармалыктардын кайгуул күзөт кызматкерлеринин  кайгуул  багыттары  бул эс алуу жайларына жана парктарга жакын жерлерде жайгаштырылды. Жол жүрүү эрежелеринин сактоо жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында, ошондой эле бүтүрүүчүлөр арасында жолдордогу авто бейбаштыктарды болтурбоо үчүн жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жол кайгуулдары уюштурулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: